Эшикти катуу жапканда ыргып кетейин дейм! Жүргүнчүлөр кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота маршрутного такси в Бишкеке
Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Артка жылып алгылачы", "жок, ал жакка барбайм", "эшикти акырын жап", "майда акчаңыз жок беле?" — бул нечендеген адамды тейлеген маршруткачылардын шаблонго айланган сөздөрү. Алардын да нерви темирден эмес, сыртынан билгизбесе да ичинен жаны кашайган учуру көп эле болот дешет.

Эгер жаныңызда 10 сомуңуз болсо шаардын берки четинен аркы башына чейин эч ойлонбой жете аласыз. Албетте, маршрутка айдаган айдоочулардын жардамы менен. Мисалы борбор калаада 4000 эл ташуучу маршрутка бар. Эми элестетиңиз, ошол айдоочулар күнүгө канчалаган адамдын миң түркүн кыялын көрөт. Кээде жүргүнчүлөрүнүн жоругу кыжырын кайнатканда унаасын таштап жөө качкысы келип кетет экен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет маршрутка айдоочуларынын көкөйүнө көк таштай тийген жүргүнчүлөрдүн жоруктарын тизмектеди.

Служба такси в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жүргүнчүнүн жанын кашайткан бишкектик таксисттер
Эки метр басып койсоң арыктап кетесиңби? Аялдамадан эми эле киши алып жөнөсөң, эки метр ары жактан бирөө колун көтөрөт. Кары-картаң болсо мейли дейсиң, дени-карды соо жапжаш эле адамдар. Анан кайсы жерде баратканың менен иши жок, "тияктан-бияктан токтотуп койчу" дей берип күйгүзүшөт. Мен "кардардын көңүлү калганча, карыган уйдун буту сынсын" деп, каалаган жериңерден токтоп коё берем. Бирок ары жакта менден бир күндүк түштөнүүсүн үмүттөнүп турган ала таякчандар бар экенин унутпасаңар.

Эшикте эмне күнөө?! Эгер мен бирөөгө жакпай калсам, байкуш эшигим эле куурайт. Кандайдыр бир маселе жаралып, жүргүнчүнүн маанайы бузулуп калса же барчу жерине кечигип жатса эшиктен күчүн чыгарат. Ушундай катуу жапканда мен берки эшиктен ыргып кетейин дейм го. Ай, туугандар, эшиктин кымындай күнөөсү жок экенин түшүнсөңөр, мени эле башка чапкылачы! Ансыз деле силер эшикти катуу жапкан сайын жүрөгүм болк эте түшөт. Ар кимдин жоругунан жадаганда унааны таштап жөө качкым келет.

Бутуңду тазала, болбосо чечип кир! Ылай-чылааны баскан бутун тазалабай киргендер бар. Менин жеке унаа жуучу жайым жок, балдарым да бекерчи эмес. Күнүгө эле жууп отура беремби? Ошол бутуңар менен үйүңөргө кирип көргүлөчү апаңардан же жубайыңардан көргүлүктү көрсөңөр керек.

Празднование нового года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаактан ары чапкым келет! Маршруткага түшкөндө "өнөрүңөрдү" үйгө таштай келгилечи
Тактайча сиз үчүн. Кайсы жерге бара турганыбызды тактайчага жазып бустун алдыңкы жана каптал жагына кадап коёбуз. Бирок кээ бирлер аны окуп да койбойт. Мен жыргап келе жаткансып, каамарабай токтотуп алып, баланча жакка барасыңбы деп күйбөгөн жерди күл кылышат. Сыртта эл-журт деген бар, ошолордон деле сурап, тактап алсаңар болот да.

Байып кеттиңерби? Азыр эле банктан акча күрөп чыккансып 1000, 2000, 5000 сом сунуп кашайткандар бар. Ага болгон майда акчамды берип койсом, калгандарына кайтарманы кайдан табам? Руль башкарып баратканда бирөөгө 990 же 1990 сомду эсептеп берип көргүлөчү, жаныңар чыгып кетер…

Алдыга байлап койсо да… Маршуртканын алдына каккан казыктай туруп алгандарды эч эле түшүнө бербейм. Алдыга эле үйүлүшөт, арты бопбош калат. Учурдан пайдаланып айтып коёюнчу, мен алдыдагы, арттагы деп бөлбөйм, баарыңарды бирдей эле убакытта жеткирем. Эч кам санабай артка өтө бергиле.

Жаңылыктар түрмөгү
0