08:26 16 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Бишкек шаарындагы Ички иштер башкармалыгы менен борбор калаанын райондук милиция бөлүмдөрү бүгүн, 15-сентябрда, ишембиликке чыкты

Милиция шаарды тазалап жатат. Дагы кимдер ишембиликке чыкты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Коом
Кыскача шилтеме алуу
109 0 0

Көп өлкөлөрөдө жыл сайын Дүйнөлүк тазалык күнү белгиленип, анда бардыгы ишембиликке чыгат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Ички иштер башкармалыгы менен борбор калаанын райондук милиция бөлүмдөрү бүгүн, 15-сентябрда, ишембиликке чыкты. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Бишкек шаарындагы Ички иштер башкармалыгы менен борбор калаанын райондук милиция бөлүмдөрү бүгүн, 15-сентябрда, ишембиликке чыкты
    Бишкек шаарындагы Ички иштер башкармалыгы менен борбор калаанын райондук милиция бөлүмдөрү бүгүн, 15-сентябрда, ишембиликке чыкты
    © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
  • Тартип сакчылардын өздөрүнө тиешелүү аймактарды таштандыдан тазалап, газондорду иретке келтирип, бордюрларды, таштанды челектерин жана тосмолорду сырдоого бир нече саат кеткен
    Тартип сакчылардын өздөрүнө тиешелүү аймактарды таштандыдан тазалап, газондорду иретке келтирип, бордюрларды, таштанды челектерин жана тосмолорду сырдоого бир нече саат кеткен
    © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
  • Бүгүнкү ишембиликке борбор калаадагы башка министрлик менен ведомстволордун өкүлдөрү, муниципалдык кызматта иштегендер да чыкты
    Бүгүнкү ишембиликке борбор калаадагы башка министрлик менен ведомстволордун өкүлдөрү, муниципалдык кызматта иштегендер да чыкты
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • ӨКМчилер Бишкекте Чоң Чүй каналынын нугун тазаласа, Ош калаасында аталган министрликке караган аймактарды тазалашты
    ӨКМчилер Бишкекте Чоң Чүй каналынын нугун тазаласа, Ош калаасында аталган министрликке караган аймактарды тазалашты
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери Юлиус Фучик атындагы паркты таштандылардан, желим бөтөлкөлөрдөн арылткан
    Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери Юлиус Фучик атындагы паркты таштандылардан, желим бөтөлкөлөрдөн арылткан
    © Фото / пресс-служба министерства здравоохранения КР
  • Андан сырткары, бейтапкана менен ооруканалардын тегерек-четин тазалаган.
    Андан сырткары, бейтапкана менен ооруканалардын тегерек-четин тазалаган.
    © Фото / пресс-служба министерства здравоохранения КР
1 / 6
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Бишкек шаарындагы Ички иштер башкармалыгы менен борбор калаанын райондук милиция бөлүмдөрү бүгүн, 15-сентябрда, ишембиликке чыкты

Анда бардык бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен жетекчилик курам да шаарды тазалоо иштерине катышкандыгы айтылат.

Тартип сакчылардын өздөрүнө тиешелүү аймактарды таштандыдан тазалап, газондорду иретке келтирип, бордюрларды, таштанды челектерин жана тосмолорду сырдоого бир нече саат кеткен.

Бүгүнкү ишембиликке борбор калаадагы башка министрлик менен ведомстволордун өкүлдөрү, муниципалдык кызматта иштегендер да чыкты.

ӨКМчилер Бишкекте Чоң Чүй каналынын нугун тазаласа, Ош калаасында аталган министрликке караган аймактарды тазалашты. Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери Юлиус Фучик атындагы паркты таштандылардан, желим бөтөлкөлөрдөн арылткан. Андан сырткары, бейтапкана менен ооруканалардын тегерек-четин тазалаган.

Дубандарда да бул демилге колго алынган. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү жана жашоочулар, жаштар да ишембилик өткөргөндүгүн маалымат кызматы социалдык тармакка жарыялады.

Буга кошумча Ош шаарынын күнүнө карата шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун демилгеси менен массалык ишембилик болуп, ага муниципалитеттин кызматкерлери, шаардагы спортчулар, машыктыруучулар Сулайман-Тоону тазалаган.

Бул күнү ишембиликке президент Сооронбай Жээнбеков жана калаа башчысы Азиз Суракматов да чыкты.

Тема боюнча

Жээнбековдун Ботаникалык бактагы ишембилиги: шымаланган ажо жана селфи
Бишкек мэри Суракматовдун биринчи ишембилиги. Сүрөттөр
Белгилер:
ишембилик, ИИМ, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ