08:25 16 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Ысык-Көл форуму. 1986 жыл

Айтматов салып кеткен чыйыр. "Ысык-Көл форуму" тууралуу 10 факты

© Sputnik / М. Юрченко
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (245)
59521

Ала-Тоо жергесине, анын борбору Фрунзе шаарына, кереметтүү Ысык-Көлгө бир учурда дүйнөлүк атактуу адамдардын бирдей келиши тарыхта 1986-жылдын 13-17-октябрында өткөн "Ысык-Көл форуму" деп аталган иш-чарага чейин да, андан кийин да мынчалык масштабда болгон эмес.

Аалам алптарын топтоо жана алардын адамзат көйгөйлөрүн айткан жыйынын башкаруу кыргыз уулу Чыңгыз Айтматовдун шыбагасына туш келген.

Мына ушул"Ысык-Көл форумунун" Чыңгыз Айтматовго байланыштуу 10 фактысын сунуштайбыз.

1. "Ысык-Көл форумунун" статусу. Биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен өткөн, СССРдеги интеллектуалдардын эл аралык бейөкмөттүк, эркин форуму катары тарыхкка кирген. Форумдун уставы да, атайын басма сөз органы да болгон эмес. Ага Чыгыш менен Батыштын, жалпы эле дүйнөнүн эң көрүнүктүү жазуучулары, саясатчылары, сүрөтчүлөрү, музыканттары, театр ишмерлери, аалымдары мүчө болуп, катышуучуларды Айтматов өзү жеке чакырган. Биздин өкмөткө алардын ар бирин мүнөздөп, ишмердигин айтып кат жазып берген.

Иссык-Кульский форум. 1986 год
© Sputnik / РИА Новости
Иссык-Кульский форум. 1986 год

2. Форумдун мүчөлөрү. Англиядан театр жана кино актёру, режиссёр, драмачы, продюсер, сценарист, колумнист, радиотеле алып баруучу, "Оскар", "Эмми", "Грэмми", BAFTA сыйлыктарынын лауреаты, Британ империясынын Орденинин командору, рыцарь-бакалавр Питер Устинов (1921-2004). АКШдан окумуштуу футуролог, философ, социолог, индустриялдык коомдон кийинки жагдайлар боюнча концепциянын авторлорунун бири Олвин (Элвин) Тоффлер (1928-2016) жана анын көптөгөн эмгектеринин шериктеши, зайыбы Хейди Тоффлер; жазуучу, драмачы, коомдук ишмер Артур Ашер Миллер (1915-2005); белгилүү сүрөтчү-фотограф Инга Миллер; романчы, публицист, драмачы, адам укуктарын коргоочу Джеймс Артур Болдуин (1924-1987) жана анын бир тууганы актёр Дэвид Болдуин. Эфиопиядан айкелчи, живописчи, график, дизайнер, СССРдин көркөм сүрөт академиясынын академиги Афэулок Тэкле (1932-2012). Франциядан Нобель сыйлыгынын лауреаты (1985), жазуучу-романчы Клод Симон (1913-2005). Италиядан Рим клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана ошол кездеги төрагасы (1984-1990), италиялык коомдук ишмер Александр Кинг (1909-1999). Кубадан журналист жана жазуучу, дипломат, Латын Америка адабиятындагы документалдуу көркөм жанрды баштоочулардын бири Лисандро Отеро (1932-2008). Италиядан физик Аугусто Форти, Түркиядан музыкант, аткаруучу, композитор, жазуучу, кинорежиссёр, саясий ишмер Йомер Зюльфю Ливанели (1946); прозаик, акын, укук коргоочу, адабият жаатынан Нобель сыйлыгынын лауреаттыгына көп жолу көрсөтүлгөн Яшар Кемаль (1923-2015). Испаниядан окумуштуу, саясатчы, мамлекеттик ишмер, жазуучу, акын, кийин ЮНЕСКОнун башкы катчысы (1987-1999) болгон Федерико Майор (1934), Индиядан улуттук бий жана музыка теориясы боюнча теоретик В.К.Нараяна Менон (1911-1997), баары 17 адам болгон.

3. Кыргыздар биле элек швед столу. Конокторду Айтматов адегенде аэропорттон кыргыз элинин салтына ылайык туз-нан, анан өз үйүндө "швед столу" менен тосуп алган. Алары тосуп алууга Айтматов бир аз кечигип барып, учактары шаарды бир айланып келген. Кийин жазуучунун Фрунзе шаарынын Дзержинский бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги 5-кабаттагы үйүнө келип, ал жерде 13-октябрда кыргыз жерине али тарай элек "швед столу" форматында коноктолгон. Эртеси алар Ала-Арчада кеп курушуп, жыйынын шарттуу түрдө "Достордун Ала-Арчадагы жолугушуусу" деп атаган.

4. Шернелештер Чолпон-Атада кеп курушту. Форумдун катышуучулары Ысык-Көл боюнда ошол доордун эң көйгөйлүү маселелерин көтөргөн. Адегенде Айтматов "шерине" деген сөздүн маанисин түшүндүрүп, "мен шерине берип жатам" деген. Буга чейин СССР "жабык өлкө" болуп, кимдин кандай темада, мазмунда сүйлөп жатканын партиялык төбөлдөр, советтик цензура текшерип турган, кадырлуу коноктор да Советтер Союзуна мамилесине карай чакырылган. Ысык-Көлдүн жээгинде кандай отурганын алар менен чогуу жүргөн Абдылдажан Акматалиев "Айтматов жөнүндө күндөлүктөн" аттуу китебинде мындай деп жазат: "Ажайып кооз Ысык-Көлдүн жээгинде биз баарыбыз сулуулукка сунуп турдук колдорду… Бардыгына жакты. Түркиялык композитор Ливанелли гитара менен мукам үнүн созот. Тегеректеп Кемаль, Отеро, Миллер, Кинг, Майор, Тофллер, Текле, бир тууган Болдуиндер отурушат. Нобель сыйлыгынын лауреаты К.Симон гана эч ким менен сүйлөшпөй ойлуу. Тилмечи менен кеп алмашымыш болот. Шаан-шөкөттү, көпчүлүктү сүйбөшү байкалып турат…"

Иссык-Кульский форум. 1986 год
© Sputnik / Марина Юрченко
Иссык-Кульский форум. 1986 год

5. Форумдун президент шайлашы. Ал орунга гуманист-жазуучу Чыңгыз Айтматовдун талапкерлиги көрсөтүлүп, бир добуштан президент болуп шайланган.

6. Федерико Майордун кийинки баасы. Ошол окуяны эстеп, чейрек кылымдан соң Ф.Майор мындай деген: "Ага чейин "Кылым карытар бир күн" романы чыгып, баарыбыз ага жогору баа бергенбиз. Анан "Ысык-Көлгө келгиле" деген чакыруу алганда америкалык жазуучу Артур Миллер: "Бул Айтматов абдан кызыктуу, оригиналдуу адам экен" деп мага айтканы эсимде. Мен анда: "Ооба, мен аны анча жакшы тааный элекмин, бирок алысты көрөгөчтүк менен ойлой билген, келечекке кайдыгер карабаган адам" деп жооп бергем".

7. Михаил Горбачевдун колдоосу. Ысык-Көлдөгү дебаттардан кийин форумдун катышуучуларын Москвада Михаил Горбачев кабыл алган. Дал ошол киши жаңыча ой жүгүртүүдөгү зыялылардын келишине, алардын каалагандай сөз айтышына "жашыл жарык" күйгүзүп берген. Атүгүл атайын самолёт да бөлдүргөн. Кремлдеги кабыл алууда адегенде Михаил Сергеевич кириш сөз сүйлөп, андан соң форумдун өтүшү тууралуу анын президенти Чыңгыз Төрөкулович 20 мүнөттөй эркин баяндап берген. Андан соң Ф.Майор, А.Кинг, А.Миллер ж.б. ойчулдар сүйлөп, баш катчыга кайра куруунун, жаңыча ойлоонун жана жашоонун идеяларын ортого таштаган. Жолугушуу үч саатка созулган.

8. Федерико Майор, ЮНЕСКО, Роза Отунбаева. Ошол форумдан көп өтпөй Ф.Майор эл аралык абройлуу уюм болгон ЮНЕСКОго жетекчи болуп шайланган. Ысык-Көл анын багын ачкан. Ал Горбачевдун кабыл алуусунда Роза Отунбаева менен таанышкан. 1986-1989-жылдарда Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин председателинин орунбасары жана республиканынын Тышкы иштер министри болуп иштеген Роза Исаковна 1989-1990-жылдарда СССРдин ЮНЕСКОдогу комиссиясынын жооптуу катчысы, 1990-1991-жылдарда председатели болуп, түздөн-түз Майор менен иштешкен. Ал кийин да Ысык-Көлгө сагынычын айтып, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгында өлкөбүзгө келип ардактуу конок болуп кеткен. Мындай байланыштардын башатында, албетте, Айтматов негиздеген "Ысык-Көл форуму" турган.

Иссык-Кульский форум. 1986 год
© Sputnik / Юрченко
Иссык-Кульский форум. 1986 год

9. Форум кийин да уланган. Анын жыйындары кийин да чет өлкөлөрдө болгон. Бирин Гранадада Майор уюштуруп өткөргөн. Бирок кийинки форумдар ырааттуу ишке ашпай калган. Кийин тажикстандык философ Акбар Турсунов, СССРдин эл артисти Михаил Ульянов да мүчө болуп жыйындарга катышкан.

10. Дүйнөлүк атактуулар ак калпакчан турган. Шеринеге келгендерди Кыргыз ССРинин жетекчилери, жазуучулар, искусство ишмерлери, жалпы коомчулук аябай жакшы маанай менен тосуп алган. Шеринелештердин өң-түсүнүн сары, кара, аксаргыл экенине карабай баарынын башына ак калпак кийгизилген, алардын ак калпакчан сүрөттөрү советтик жана чет өлкөлүк басылмаларда кеңири чагылдырылган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (245)

Тема боюнча

Айтматовдун "Манас-Атанын ак кар, көк музу" чыгармасы жөнүндө кызыктуу 8 факты
"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" тууралуу 10 факты. Айтматов идеяны кайдан алган?
Белгилер:
ойчул, СССР, Чыңгыз Айтматов, Ысык-Көл
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ