9 жыл бала багып, ири ишкананын топ-менеджери болдум. Кыргызстандык айымдын баяны

© Фото / Саламат ИмановPR-директор "Навигатор групп" Инабат Латипова
PR-директор Навигатор групп Инабат Латипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки баланын энеси Инабат Латипова бүтүндөй өмүрүн үйдө өткөрөм өңдөнөт деген ойлорго чулгана баштаган. Бирок, соңку эки жылда анын карьерасы көккө көкөлөдү.

30 жашар Инабат Латипованы калаадагы иш-чаралардын көпчүлүгүнөн кезиктирүүгө болот. Ал "Навигатор групп" деп аталган ресторан, отель жана спорт борборлор түйүнүндө PR-директорлукту аркалайт.

Болгону качандыр бир кезде эки баланын энеси зериккенинен Twitter тармагында баракча ачкан. Инабат бачым эле белгилүү блогерге айланып, кийинчерээк бул эрмеги ага баш тарта алгыс сунушту ээрчите келди.

— Бала чагыңыз тууралуу билсек…

— Карапайым үй-бүлөдө төрөлдүм, ата-энем мээнеткеч адамдар. Атам айдоочулук менен алектенип, өмүрү бүт рулда өтүп келет. Апам 90-жылдары соода тармагынан кафе ишине өтүп кетти. Айтмакчы, Балыкчынын деңгээлинде ал ири ресторатор. Үч эже-сиңдибиз, мен ортончусумун.

9-классты аяктаган соң Бишкекке келип, Финансы техникумуна өтүп, банк ишин өздөштүрүүгө кириштим. Бул окуу жайдан негедир бизди кийин талашка түшчү адис болосуңар деп ишендире окутушкан. Бирок банкка ишке орношоюн деп барсам албай коюшту. Алардын баамында менде жаштык максимализм ташкындап турат имиш.

Баса, ошол банктын жетекчилеринин арасында биздин тууганыбыз деле бар болчу, бирок ал жакка ишке кирүү аракетимден кабары жок эле. Ошентип Балыкчыга кайтып бардым.

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Навигатор групп" түйүнүнүн PR-директору Инабат Латипова: дипломдун мен үчүн мааниси жок эле. Карып-арып, бул дүйнөдөн узаганча үйдө отурчудай сезилчү мага. Апам жогорку билим алышым керектигин айтып туруп алды.
PR директор сети ресторанов Инабат Латипова - Sputnik Кыргызстан
"Навигатор групп" түйүнүнүн PR-директору Инабат Латипова: дипломдун мен үчүн мааниси жок эле. Карып-арып, бул дүйнөдөн узаганча үйдө отурчудай сезилчү мага. Апам жогорку билим алышым керектигин айтып туруп алды.

— Үй-бүлөлүк кафеде иштей баштадыңызбы?

— Ооба. Официант да, кассир да, атургай, бармен да элем. Зарыл учурда ашкананы көздөй чуркап бир нерсени кууруп же туурай калчумун. Апамдыкында дегеле эркелей албайсың.

Ошол жерден болочок жолдошум менен тааныштым, ал биздин кафеге көп баш бакчу, көбүнесе майонез менен мантуу алчу. Аскердик кийим менен келгенине чейин ага маани деле бербепмин. Формасынын жарашканын айтпаңыз эми!

Ага акылымдан адашып дароо ашык болуп калдым. 19 жашымда турмушка чыктым, бир жылдан кийин кыздуу болдук, чүрпөмө болгон сезимдер мени таптакыр эле үйгө чырмады. Анан уулубуз төрөлдү, быйыл мектеп босогосун аттады.

— Кайсы жерде жашадыңыздар?

— Жолдошум аскер кызматкери болгондуктан, анын ишине жараша көп үй алмаштырдык. Бирде Балыкчыда, кээде Бишкекте турдук.

© Фото / Ярослав МальцевИнабат Латипова: китепти баса калып окуган адатым бар, негизи эле өзүм ар бир тамгага теригем, андан улам оюмду так жеткире жаза алам. Бул жагынан мага Twitter ылайык келди, анткени, анда сөз башкы орунда эмеспи.
PR директор сети ресторанов Инабат Латипова - Sputnik Кыргызстан
Инабат Латипова: китепти баса калып окуган адатым бар, негизи эле өзүм ар бир тамгага теригем, андан улам оюмду так жеткире жаза алам. Бул жагынан мага Twitter ылайык келди, анткени, анда сөз башкы орунда эмеспи.

— Билимиңизди жогорулата алдыңызбы?

— Ооба, 2010-жылы тапшырып, сырттан окудум. Эгер чындап келсе, дипломдун мен үчүн мааниси жок эле. Карып-арып, бул дүйнөдөн узаганча үйдө отурчудай сезилчү мага. Апам жогорку билим алышым керектигин айтып туруп алды.

Жаман кеселден жапа чеккен балдар менен иштеген психолог Бермет Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Беш жашар кыз апасынын көз алдында үзүлүп кетти... Психолог Иманалиева менен маек
Окуу жеңил эле болчу, болгону көңүл коюш керек эле. Профессорлордон экзамен алдында: "Өтө катуу талдабагыла, мен үй кожойкесимин, мээмдин иштеши жайлап калды" деп профессорлордон өтүнчүмүн, себеби, группамда эбак иштеп жаткандар да, дипломдуулар да окушчу. Алар экзаменден кийин мени: "Жоопторуңуз башкалардыкынан жакшыраак болду" деп жооткотуп коюшчу. Тек гана бир экзаменден кулап калгам. Үйгө келип эле балдарымды кучактагам. Ошол чакта мен аларды уяткарып койгонумдай туюлган эле. Азыр ал убак эске келгенде, эмнеге анчалык кайгырдым экен деп калам.

— Бишкектен Балыкчыга, Балыкчыдан борбор шаарга көчүп-конуп жашапсыздар. Баш калаадан кийин кичинекей шаарга кайтуу кыйын болчу эмес беле?

— Балдарым да сагынып калышар эле. Албетте, Балыкчыны абдан жакшы көрөм, аймактардагы шаарлардай эле ал да табият койнунда. Бирок кээде өзүңдү өстүрүү жаатында шарттар аз, балдарды алпарчу да жай таппай калчусуң.

— Жаштар эмне менен алектенишет ал шаарда?

— Көңүл ачуучу жайлар көп эмес, айрымдар эс алуу күчүн ичимдиктен чыгарышат. Албетте, цивилизация ар бир телефонго интернет кошуп берген чак эмеспи, андыктан, азыр өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралды.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЛатипова: социалдык медианын бул бутагындагы "Твидеги апа" баракчам кыялымдагы ишке жетеледи
PR директор сети ресторанов Инабат Латипова - Sputnik Кыргызстан
Латипова: социалдык медианын бул бутагындагы "Твидеги апа" баракчам кыялымдагы ишке жетеледи

— Сиз да андан пайдалана Twitter баракчаңызды Кыргызстандын алкагында кеңири тааныта алдыңыз.

— Үйдө отурчумун, эл менен сүйлөшкүм келчү. Адегенде телевизор жан досум болуп жүрдү, кийин Кудай жалгап акылдуу телефондор интернети менен кошо чыга баштады. "Чу" дегенде эле теледен көрүп жүргөн жылдыздардын баракчаларына жазылдым.

Анан да китепти баса калып окуган адатым бар, негизи эле өзүм ар бир тамгага теригем, андан улам оюмду так жеткире жаза алам. Бул жагынан мага Twitter ылайык келди, анткени, анда сөз башкы орунда эмеспи. Айтмакчы, социалдык медианын бул бутагындагы "Твидеги апа" баракчам кыялымдагы ишке жетеледи.

— Бул кандайча болду?

— Убакытты текке кетирген жокмун. Мага келин-кесектин форумдары кызыксыз эле, ысымын жашырган күйөрмандар менен да курулай азилдешким келчү эмес.

Үлкөн ресторандардын биринин социалдык медиадагы маркетинг боюнча адиси жоктугун билип калдым. Негизи эле андай кызматкерден эмне талап кылынат? Конокторду тартып, кызыктуу постторду жарыялап, элди кызыктырып туруусу зарыл. Twitter тармагында мындай милдетти оңой аткарчумун.

Башында бир жайдын милдетин алдым, кийин дагы кошулду… Айына 20 миң сомдон өйдө таба баштадым. Балыкчы үчүн бул абдан жакшы маяна. Кийин холдингдин түптөөчүлөрү штатка кирүүнү сунуштап, мага ишеним артышты.

© Фото / Лида ЯвгетИнабат Латипова: иштегениме эки жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында иш тажрыйбасы жок, үйдө бала менен отурган кожойке өзү аябай жактырган орунда топ-менеджер болуп чыга келди.
PR директор сети ресторанов Инабат Латипова - Sputnik Кыргызстан
Инабат Латипова: иштегениме эки жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында иш тажрыйбасы жок, үйдө бала менен отурган кожойке өзү аябай жактырган орунда топ-менеджер болуп чыга келди.

— Дароо макул болдуңузбу?

— Чечим кабыл алуу кыйын болду. Балдар чоңоюп баратат, биз алар менен ажырагыс элек, алардан алыс кала албайт болчумун. Балдарды таенесине таштап коюп, иш сапарга кете берчү энелерден эмесмин. Бирок ошол эле учурда андай абройлуу компанияда иштөө абдан сонун мүмкүнчүлүк экенин түшүнүп турдум. Үй-бүлөлүк кеңеш өткөрүп, андай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоону чечтик!

Иштегениме эки жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында иш тажрыйбасы жок, үйдө бала менен отурган кожойке өзү аябай жактырган орунда топ-менеджер болуп чыга келди.

— Ишти өздөштүрүп кетүү жеңил болдубу?

— Ишке тез эле көнүп кеттим, ишкананы түптөөчүлөрдүн ишеничин актай аламбы деп аябай чочулагам. Бул багыттагы адабиятты көп барактадым, Кудай жалгап, азыр баарын билген интернет бар эмеспи.

— Эмне милдет аткарасыз?

— Кыргызстанда пиарщик болуу — байланыш түзүү, жарнама, маркетинг, иш-чараларды уюштуруу менен алек болуу. Айрым учурда афиша жасоо, андайда графикалык дизайнер да боло калам. Бактыга жараша, азыр аны кантип жасоо боюнча гугл издөө тутуму миллиондогон макала жана тасмаларды сунуштайт.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЛатипова: Кыргызстанда пиарщик болуу — байланыш түзүү, жарнама, маркетинг, иш-чараларды уюштуруу менен алек болуу. Айрым учурда афиша жасоо, андайда графикалык дизайнер да боло калам.
PR директор сети ресторанов Инабат Латипова - Sputnik Кыргызстан
Латипова: Кыргызстанда пиарщик болуу — байланыш түзүү, жарнама, маркетинг, иш-чараларды уюштуруу менен алек болуу. Айрым учурда афиша жасоо, андайда графикалык дизайнер да боло калам.

— Сиздердин холдингге канча жай камтылган?

— 6 ресторан, 2 мейманкана, ушундай эле санда спорт борбору жана "Асанбай" маданий ордосу кирет.

— Азыр интернет ар бир кишиге көңүлүнө жакпай калган ресторан же кафени жамандоого шарт түзгөн. Ага кантип туруштук берип жатасыз?

Отечественная предпринимательница Фатима Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Сеулда сейилдеп жүрүп, акча толо капчык таап алдым. Кыргызстандык кыздын чыйыры
— Ар бир терс пикир бачым эле жетекчиликке жетет. Пикирин калтырган киши менен байланышам, ийне-жибине дейре иликтейм. Андан соң баарынан – менеджер, ашпозчу, официанттардан тактап, иликтөө жүргүзөм.

Эгер катачылык бизден кеткен болсо, анда нааразы болгон кардарга телефон чалып, кечирим сурайм. Эгер бизде айып болбосо, анда ага бардык маалыматты берем. Башкы маселе — кардардын каалоосу, сөзү, нааразычылыгы биз үчүн өтө маанилүү экендигин ага жеткирүү, түшүндүрүү.

— Бир жолу сиздердин ресторандардын бириндеги эсепке нааразы болгон кардардын постун окугам. Жарым литр суунун наркы жүз сомго чыкканына наалыган.

— Дүкөн менен ресторандагы суунун баасын салыштырууга болбойт! Кайсы бир жайлуу жайга киргениңизде сиз суунун өзүн эмес, жагымдуу маанайды сатып алат эмессизби.

Сиз үчүн ырдап жаткан ырчы, ар чакырганыңызда чуркап турган официант — булардын баарынын маңдай тери меню акысына камтылат. Ресторандардын чыгымы аябагандай көп!

Бизге баш баккандардын баарына жагымдуу болушу үчүн тырышып келебиз. Калаабызда 2000ге чукул кафе-ресторан иштейт, ар бирибиз табитибизге төп жерди тандай алабыз.

— Азыр көп жайларда дресс-код (кийимге талап) жана жүзгө карап киргизет. Астанадан ары аттабай калыш үчүн эмне кылуу зарыл?

Предпринимательница Амина Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан
Батирден куулуп, көчөдө калган... Бишкектик ишкер айымдын окуясы
— Ичимдик ичилчү жайларга 21 жашка толо элек жаш балдарды киргизбөөгө аракет кылабыз. Ошондой эле өтө ачуулуу адамдарды жактыра бербейбиз. Ар бир мейман өзүн коопсуз сезиши биз үчүн өтө маанилүү.

Кызаңдагандардын курмандыгы адатта кыздар жана чет элдиктер болот. Биздин канатыбыздагы жайлардын биринин кыздардын сергүүчү бөлмөсүнө: "Эгер меймандардан бирөө сизге ыңгайсыздык жаратып жатса, администраторго бул боюнча билдириңиз" деген жарыяны жеке өзүм илгем.

— Журналисттерге кээде ажырашууга үгүттөйсүңөр деген кине тагып калышат. Ийгиликке жетишкен, ажырашкан аялдарды атайын таап, алар туурасында жазат имишпиз. Чындыгында, күчтүү аялдардын жанында болууга күйөөлөрү чыдай албай, алардан жолун бурат. 11 жылдан бери никеңиздин бекемдигин кантип сактап келесиз?

— Жолдошум экөөбүз азыркыга чейин жаш балача ойнойбуз. Махабатыбыз жана юмор мамилебизди бекемдеп турат. Азыр алар менин ишиме түшүнүү менен карап, өмүрлүк жарым да, балдарым да үй иштеринде мага көмөкчү болушат.

Эгер тамак жасоого үлгүрбөй баратсам, өзүбүздү заматта ресторандык сынчы элестетип, кайсы бир жайдан тамактанууга жөнөйбүз. Бардык маселени бирге чечебиз. Тфү-тфү, көз тийбесин!

Жаңылыктар түрмөгү
0