Космонавт, Доктурбүбү, Шофер. Кыргызстандыктарга берилген өзгөчө ысымдар

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРегионы России. Чукотский район Чукотского автономного округа
Регионы России. Чукотский район Чукотского автономного округа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жерде биометрикалык маалыматтарын тапшырган, эрезеге жеткен жарандар тууралуу сөз болууда.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандыктар балдарынын атын кээде кесиптердин аталышынан койгон учурлар кездешет. Алардын бир катарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы шайлоочулардын тизмесине көз салып, карап чыкты. Бул жерде биометрикалык маалыматтарын тапшырган, эрезеге жеткен жарандар тууралуу сөз болууда.

Базада Врачбек жана Врачгүл деген 29 адам бар. Дагы 62 кишиге Доктурбай, Доктурбүбү деген ысым берилген.

Ошондой эле өлкөдө эки Космонавт менен бир Космонавтбек жашайт. Дагы бир мекендешибиздин аты Летчик болсо, экинчисиники Шофер.

Баса, кээ бир мекендештерибизге куралдарды элестеткен дагы ысымдар берилген

Жаңылыктар түрмөгү
0