Төө-Ашуудан өтүү үчүн алынган акча кайда кетет? Министрликтин жообу

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТоннель. Архив
Тоннель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Редакцияга окурмандар Бишкек — Ош жолунан өткөндөрдөн акча алынары, бирок трассанын абалы начар экенин айтып кайрылышкан.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы тоннелден өтүү үчүн төлөнгөн акча трассаны тейлөөгө жана жумушчулардын айлык акысына жумшалат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандары WhatsApp-канал аркылуу акча алынганы менен жолдордун сапаты өтө начар экенин айтып нааразы болушкан.

Министрлик Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы жана "Кара-Көл" тоннелдеринен өтүү үчүн ар бир унаадан 25 сомдон 275 сомго чейин алынарын маалымдады.

"Каражаттын баары тоннелдерди тейлөөгө жумшалат. 2018-жылдын биринчи кварталында эки тоннелден алынган акчанын суммасы 9 миллион 540,4 миң сом болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Төлөм бир гана жолу алынат, эгер адам түндүктөн түштүктү көздөй бара жатса "Сосновка" постунан, эгер түштүктөн түндүктү карай келе жатса "Кара-Көл" постунан төлөйт.

Каражат төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:

— айлык акы — 5 миллион 866,6 миң сом;

— Соцфондго төлөм — 1 миллион 126,5 миң сом;

— тоннелдерди тейлөөгө — 2 миллион 547,3 миң сом.

Эки пунктуда жалпы жонунан 90 киши иштейт, алардын арасында милиция кызматкерлери, медиктер жана куткаруучулар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0