Карыяны албай кеткен айдоочунун жетекчиси окуянын чоо-жайын түшүндүрдү. Видео

Жазылуу
Бишкек мэриясынын аппарат башчысы жүргүнчү ташыган фирманын жетекчисинин кечирим сураган видеосун жарыялады.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Борбор калаада №223 каттамды тейлеген фирманын жетекчиси пенсионерди автоунаага салбай койгон айдоочу үчүн кечирим сурады. Видеону Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, окуя 13-сентябрда саат 17:00дөр чамасында болгон.

"Айдоочу жүргүнчүнү аярламада эмес, жол чырагы орнотулган жерде тургандыктан салган эмес. Эрежеге ылайык иштеген айдоочунун кадамы, албетте, адамкерчиликке жатпайт. Андыктан өзүмдүн жана айдоочунун атынан да кечирим сурайм", — деди фирма жетекчиси.

Буга чейин социалдык тармакта пенсионерди маршруткага киргизбей койгон айдоочунун видеосу тараган. Анда кары адам эшиктин туткасын ачууга аракет кылып, бир нече ирет эшикти койгулаганын да көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0