Бишкек ТЭЦинин директору кышкыга даярдык тууралуу айтты

© SputnikБишкек ТЭЦинин директору Андрей Воропаев. Архив
Бишкек ТЭЦинин директору Андрей Воропаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл январда Бишкек ТЭЦтинде авария болуп, шаардыктар бир нече күнгө жылуулуксуз калган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинин директору Андрей Воропаев жылуулук борборунда жыл башындагыдай аварияга жол берилбей турганын айтканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэрияда жыйын болуп, тийиштүү жетекчилер кыш мезгилине болгон даярдыктары тууралуу отчет беришкен. Жыйында Воропаев жылуулук борборуна быйыл 57 жыл болорун белгиледи.

"Буга чейин мен кепилдик берүү оор экенин бир нече жолу айтып келгем. 57 жылдан бери жыл башындагыдай авария биринчи жолу болду. Мындан ары бул сыяктуу кырсыкка жол бербейбиз деп ойлойм. Жыл башындагы авария кызматкерлердин айынан болгон", — деди Воропаев.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦинде авария болуп, шаар тургундары жылуулуксуз калган. Абал 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келе баштаган. Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече мамлекеттик кызматкерлер иштен алынып, алды камакка алынган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0