Ак-Сай жайлоосунда кар жаады. Сүрөт

© Фото / Нурзада МукашеваПоследствия сильного снегопада в долинах Ак-Сай и Арпа Нарынской области
Последствия сильного снегопада в долинах Ак-Сай и Арпа Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрөөндө бүгүн дагы кар жаап жатат.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө кар жаады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsАpp-каналы аркылуу күбөлөр билдирип, сүрөт жөнөтүштү. 

© Фото / Аида Ишенбек кызыСнегопад в долине Ак-Сай
Снегопад в долине Ак-Сай - Sputnik Кыргызстан
Снегопад в долине Ак-Сай

Жайлоодогу койчулардын айтымында, кар кечээ жаап, бүгүн кайра эрип кеткен.

"Кар эриген, бирок азыр кайра жаай баштады. Сыртта суук", — деп жазышкан күбөлөр.

Ат-Башы районунун акими Жакып Субакожоев маалыматты тастыктап, жайлоого бир сантиметрдей кар түшкөнүн кошумчалады.

Таш көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көмүр кымбатташы мүмкүнбү? Кара алтындын баасы жана аны саткан жайлар
"Аксайдын Кароол-Дөбө деген жерине жааптыр. Райондук ӨКМ кызматкерлеринин айтымында, күн бүркөө экен. Жайлоого чыккан малдын көбү жакага түшүп бүтүп калган", — деди Субакожоев.

Эске салсак, ушул жылдын май айында Ак-Сай өрөөнүнө күтүүсүз кар жаап, 200 кой кырылган

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган өрөөнгө кышы-жайы дебей кар жаай берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0