Депутат Ысык-Көлдө киши өлүмүн азайтуунун жолун сунуштады

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПобережье Черного моря в Адлерском районе Сочи
Побережье Черного моря в Адлерском районе Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери сууга чөгүп каза болгондордун саны 114кө жеткен.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Марлен Маматалиев быйыл жайында Ысык-Көлгө 80дей киши чөгүп кеткенин айтып, мындай көрүнүштүн алдын алуу керектигин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү каргашанын баары коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан болуп жатканын айтты.

"Азыр пансионаттардын бардыгы эле киреше таап жатат. Азыртадан баштап эле ар бир пансионатта куткаруучу мунара болушу керектигин талап кылыш керек. Андан сырткары, жаш балдар түшө турчу, скутерлер үчүн өзүнчө аянтча болушу керек. Андан сырткары, куткаруучу деген штат киргизүү керек. Ага ӨКМ лицензия берет экен. Лицензияны заманбап жабдыгы бар куткаруучуларга берүү зарыл", — деди ал.

Ал эми ӨКМдин август айынын ортосунда берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери сууга чөгүп каза болгондордун саны 114гө жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0