Депутат Жамангулов: тойлорго беш жылга чейин мораторий киргизүү керек

© Фото / Атабек ЖамангуловДепутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов
Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат тойлорго мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен көп карата кетерин жүйө келтирди.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жаманкулов мамлекеттик маанилүү болбогон той-топурга 5 жылга чейин мораторий киргизүүнү парламенттин жалпы жыйынында ар түрдүү маселелер каралып жатканда сунуштады.

Депутат өкмөттөн алган маалыматка таянып 2018-жылга мамлекеттик бюджеттен каржылана турган 105 той каралганын мисал келтирген.

"Бул эмне деген шумдук? Ар бир тойго 2 миллион сомдон эле санагылачы? Балыкчынын 120 жылдыгы, Нарындын 150 жылдыгы, Кызыл-Кыянын 120 жылдыгы, Сузактын 100 жылдыгы, Базар-Коргондун 100 жылдыгы, Лейлектин 90 жылдыгы. Ар бир маараке мамлекеттик бюджеттен, жергиликтүү бюджетен бир топ чыгым талап кылат", — деди депутат.

Жамангулов өкмөттүн өкүлүнө бул маселени премьердин өзүнө айтып, эрктүүлүк менен тойго 5 жылга чейин мараторий киргизүү керектигин айтты.

Депутат мамлекеттин акчасы болгондо гана тойлорду өткөргөнгө мүмкүнчүлүк болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0