"Ала-Тоо" аянтына кеткен бойдон келген эмес. Бишкекте жоголгон кыздын сүрөтү

Жазылуу
Өспүрүм "Ала-Тоо" аянтына 31-август күнү концерт көргөнү кетип, кайра үйүнө кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкекте 17 жаштагы Кенжегүл Нарынбек кызы жоголуп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине кыздын туугандары билдирди.

© Фото / Матиева ЭлизаПропавшая в Бишкеке Кенжекул Нарынбек кызы
Пропавшая в Бишкеке Кенжекул Нарынбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Пропавшая в Бишкеке Кенжекул Нарынбек кызы

Алардын айтымында, Кенжегүл 31-августта, Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган концертти көрүү үчүн "Ала-Тоо" аянтына кеткен.

Бишкек ШИИБ маалыматты тастыктап, учурда издөө жарыяланганын маалымдашты.

Өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, чачы ийинине жетет, кара түстө. Эгерде кызды кимдир бирөө көрүп калса (0700) 63-29-99, (0550) 10-25-73 же 102 номерине чалып коюуну өтүнүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0