Күүнүн таскагы жанды... Комузчу Руслан Жумабаев тууралуу 8 факты

© Sputnik / Аскат МусабековБелгилүү комузчусу Руслан Жумабаев (ортодо)
Белгилүү комузчусу Руслан Жумабаев (ортодо) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ кыргыз элинин белгилүү комузчусу Руслан Жумабаев 45 жашында дүйнө салып, кыргыз маданияты оор жоготууга учурады.

Комузчунун аз болсо да саз басып өткөн жолуна саресеп салып Sputnik Кыргызстан маданият ишмери тууралуу маалымат чогултту.

6 жашында сынакка катышып. Руслан Жумабаев 1973-жылы 1-апрелде Нарын шаарында төрөлгөн. Тынымсейит уруусунан. Комузчу Чкалов атындагы мектепте орус класста билим алып, кийин Бишкектеги Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. Анын Ибрагим Шаршенбаев, Бейшенбек Абдразаков аттуу устаттары болгон. Кийинки насаатчысы, Кыргыз Эл артисти Тентимиш Мураталиев маркумдун өтө таланттуу, залкар комузчу болгонун айтып кетти. "Шубин атындагы мектепте жаш таланттарга кароо сынак өтүп, ага Руслан алты жашында дагы келип катышып, комуз чертти. Калыстар тобунунун мүчөсү элем. Баарыбыз тең баланын өнөрүнө баа бергенбиз. Андан кийин дагы ар түрдүү сынактарга келип катышып жүрдү. 1988-жылы Күрөңкөев атындагы музыкалык орто мектепке тапшырып, менин классымда тогуз жыл билим алды. Аябай таланттуу эле".

Чыгармачылыгы, эмгек жолу. Жумабаев "Ордо Сахна" тобунда, Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринде комуз чертип, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда сабак берчү. Аталган окуу жайда эл аспаптар факультетин жетектеп, аспирантураны бүтүрүп, доцент болгон. Бир катар сынактардын конкурс-фестивалдардын лауреаты. Комузчу Нарын мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

© Фото / из личного архива Аската МусабековаКомузчу Нарын мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган
Известный кыргызский комузист Руслан Жумабаев - Sputnik Кыргызстан
Комузчу Нарын мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган

Устаттык. Жумабаедин колунан чыккан Ренат Мамбеталиев, Чыңгыз Кубат уулу, Улукбек Эркалиев, Закирбек Дүйшөнбек уулу анын шакирттери. Азыр бул жигиттер улуу көчтү улап, кыргыз комузун дүйнө жүзүнө даңазалап келет.

Чыгарган күүлөрү. Руслан Жумабаев классикалык күүлөрдү аткаруу менен катар бир топ чыгармалардын автору болгон. Алардын ичинен "Карылардын насыят", "Кара көө", "Ботаалынын Боз жорго" жана элдик ансамбль, оркестрлер үчүн жазган "Ахалтеке", "Ак куу", "Булбул сайрак", "Ак таноо" аттуу күүлөрү угармандардын урматтаган чыгармаларына айланды. 1996-жылы биринчи жолу 15 жаш кичүү Улукбек деген инисине арнап "Эрке сары" аттуу күү чыгарган. Бул күү комузда да, оркестрде да ойноло берет. Азыр Улукбек 22 жашта.

1000 комузчуну башкарган. Руслан Жумабаев 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында 1000 комузчунун коштоосунда Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн чертип, даңазасы арткан.

Үй-бүлөсү. Комузчунун атасы өмүр бою айыл чарба тармагында жетекчи болуп иштеген адам. Апасы фармацевт. Жумабаев беш бир тууган. Улуу агасы да музыкалык окуу жайда билим алган. Маркумдун дос-тааныштарынын айтымында, атасы да таланттуу комузчу. Өнөрпоздун жубайы Чынара дагы чыгармачыл чөйрөдөн. Ал Улуттук консерваторияда иштейт. Жубайлар беш кыздан кийин уулдуу болушкан. Баласы азыр үч жашта. Улуу кызы студент.

Актерлук. Руслан Жумабаев режиссер Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасында белгилүү комузчу Ниязалынын ролун жараткан.

© Фото / из личного архива Аската МусабековаРуслан Жумабаев классикалык күүлөрдү аткаруу менен катар бир топ чыгармалардын автору болгон. 1996-жылы биринчи жолу 15 жаш кичүү Улукбек деген инисине арнап "Эрке сары" аттуу күү чыгарган.
Известный кыргызский комузист Руслан Жумабаев - Sputnik Кыргызстан
Руслан Жумабаев классикалык күүлөрдү аткаруу менен катар бир топ чыгармалардын автору болгон. 1996-жылы биринчи жолу 15 жаш кичүү Улукбек деген инисине арнап "Эрке сары" аттуу күү чыгарган.

Алышкан оору. Залкар талант бөйрөк оорусу менен эки-үч жылдан бери күрөшүп келген. Мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринде иштеген кесиптештери комузчу ооруканадан көз жумганын айтышты. "Кан керек болуп жатат деп кан бердик, болгон аракетти жумшап чуркап жүрдүк, бирок ажал алып кетти", — дешти кесиптештери.

Жаңылыктар түрмөгү
0