05:03 24 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Президент Сооронбай Жээнбеков Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын ачылышында. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Көчмөндөр оюндарына байланыштуу билдирүү жасады

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
79810

2-8-сентябрда Ысык-Көлдө Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары өттү.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары ийгиликтүү аяктаганын айтты. Өлкө башчынын билдирүүсүн маалымат кызматы таратты.

Жээнбеков өз сөзүндө байыркы көчмөн элдин маданиятын даңазалап, жергебиздин ажайып кооздугун дагы бир жолу дүйнөгө тааныткан масштабдуу иш-чара максатына жетип, өлкөнүн эл аралык аброюн арттырганына токтолгон.

"Көчмөндөрдүн салт-санаасы, көөнө мурасы жанданып, ал дүйнө элдеринин кызыгуусун жаратты. Оюндарды көрүү үчүн Кыргызстанга 70 миңге жакын чет элдик туристтер, бардык континенттердеги 74 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчу жана катышуучулар келишти. Көчмөндөр оюндарын 600дөн ашык чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырды. Оюндар дүйнөнүн 60 өлкөсүндө түз көрсөтүлдү. Андан тышкары, Оюндарга биздин эл аралык өнөктөштөрүбүздүн жана эл аралык спорт уюмдарынын өкүлдөрү, дипломаттар келишти", — деди президент.

Өлкө башчысы ошондой эле эл аралык эксперттер Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарын 2018-жылдын эң маанилүү окуяларынын бири катары баалашканын айтып, Кыргызстан баштаган уникалдуу долбоордун келечеги кең, дүйнөлүк маанидеги мыкты саамалык экенине айгине болгонун белгиледи.

"Кырчын жайлоосундагы "Көчмөндөрдүн алтын доору" деп аталган этношаарча өлкөбүздүн бардык дубандарынын күчү менен түзүлүп, аны 150 миңден ашык коноктор көрүштү. Он үч ордо болуп каз-катар тигилген боз үйлөрүбүз, элдик буюмдар конокторду суктандырды. "Көчмөндөр ааламы" эл аралык этнофестивалына дүйнөнүн туш тарабынан 30дан ашуун чыгармачыл топ келип, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү", — деди Жээнбеков.

Президент үч жолу катары менен кыргыз жеринде, касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, бул эл аралык деңгээлдеги масштабдуу иш-чара элибиздин биримдигин бекемдеп, мекенчилдик духун бийиктеткенин билдирди. Андан сырткары, Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кыргыз эрежелерине, философиясына жана максатына ылайык дүйнө жүзүнө таркашына кызыкдар экенин кошумчалады.

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)

Тема боюнча

Бекболат Тилеухан: казактар кыргыздардай ат таптай албайт
Көчмөндөр оюндарына көлөкө түшүргөн учурлар
Көңүлү көтөрүлгөн көчмөндөр. Бир жумалык тойдун жабылышынан жагымдуу сүрөттөр
Белгилер:
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ