Газпром Бишкектин бир бөлүгү эмнеге газы жок калганын айтты

© Sputnik / Андрей Варенков / Медиабанкка өтүүГаз түтүгүн оңдоо иштери. Архив
Газ түтүгүн оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишканадан маалымдашкандай Бишкектин бир бөлүгүндө 21-сентябрга чейин көгүлтүр от жок болот.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкектин бир бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан газ берүү үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, буга чейин Telegram мессенжериндеги "Бишкек сегодня" тайпасынын колдонуучулары эмне үчүн газ берилбей жатканын сурап жазышкан.

"Газпром Кыргызстан" ишканасынан маалымдашкандай көгүлтүр от 10-21-сентябрь күндөрү болбойт:

— Сүйүнбаев, Чүй, Лермонтов көчөлөрү менен ЧЧКнын (Чоң чүй каналы) аймагы;

— "Чыгыш-5", "Аламүдүн" кичи райондору, Курулушчулар жана Энергетиктер шаарчаларында;

— Лебединовка айылы, "Бишкек Темир" ЖЧК, ТЭЦ, Чүй проспектиси менен Чолпон-Ата көчөсүнүн кесилишиндеги унаа жуучу жай.

Жаңылыктар түрмөгү
0