"Сапаттын" ордуна Түркиядан "Маариф" келеби? Министрликтин жообу

© Sputnik / Сергей Ещенко / Медиабанкка өтүүСредняя школа поселка Мурмаши Мурманской области закрыта на карантин
Средняя школа поселка Мурмаши Мурманской области закрыта на карантин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси келечекте "Сапаттын" баардык мүлкү "Маарифке" берилиши керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. "Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси боюнча чечимдер негиздөөчүлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынат. Бул туурасында КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Церемония присвоения президентам Кыргызстана и Турции звания Почетного доктора КТУ Манас - Sputnik Кыргызстан
Эрдогандын Кыргызстанга сапары: "Маариф" фонду маарытабы
Буга чейин бир катар ЖМКлар Түркиянын КРдеги элчиси Женгиз Камил Фырат келечекте "Сапаттын" бардык мүлкү "Маарифке" берилиши керек деген билдирүүсүн жасагандыгын жазган. Муну ал кезегинде аталган мектептер түркиялык салык төлөөчүлөрдүн акчасына салынган деген негиздемеси менен айткан.

КРдин Билим берүү жана илим министрлигинен "Сапат" менчиктин аралаш түрүндөгү мекеме экендиги жана ишмердүүлүгүн Кыргызстандын мыйзамдары менен алып бара тургандыгын билдирген.

"Курамын өзгөртүү же мүлктөрүн башка тарапка өткөрүп берүү чечими түптөөчүлөрдүн жалпы жыйынында кабыл алынат. Алардын катарына Кыргызстандын жарандары менен Билим берүү жана илим министрлиги кирет", — дешти министрликтен.

Андан сырткары "Маарифтин" ишмердүүлүгү жаатындагы маселе боюнча анын иши тууралуу өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун даярдай турган атайын топ түзүлгөн. Долбоор парламентке жөнөтүлүп, документ ратификация процедурасынан өтүшү керек.

Президент Турции Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: Гүлендин уюму Кыргызстанда тамыр жайып, саясатчыларды да колго алган
"Себат" билим берүү мекемеси 2017-жылы "Сапат" болуп өзгөргөн. Эми түптөөчүлөрдүн катарына КРдин Билим берүү жана илим министрлиги кирип калды. 2016-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда Түркия Фетхуллах Гюлендин уюмуна караштуу мектептерди жабууну айтып, бирок кыргыз бийлиги андан баш тарткан.

"Сапат" учурда 16 лицейден, "Ала-Тоо" университетинен жана эл аралык, Silk Road жана дагы бир мектептен турат.

Сентябрдын аягында Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган келип, анда "Маариф" фондусунун КРдеги ишмердүүлүгү боюнча Меморандумга кол коюлган.

Фонду 2016-жылдын 17-июнунда Түркияда негизделген. Ал мамлекеттин Билим берүү министрлигине көз каранды болбой иштейт, бирок бул Түркиянын атынан чет өлкөлөрдө билим берүү мекемелерин ачууга укугу бар бирден бир уюм. Сайттагы расмий маалыматына караганда, "Маариф" ар кыл өлкөлөрдө бала бакчаларды, мектептерди жана университеттерди ачуу иштерин алып барат. Учурда алардын 21 мектеби өлкөнүн ар кыл өлкөлөрүндө иштеп жатат. Расмий эмес маалыматтарга караганда, алар мурда FETO карамагында болгон жайларды менчиктештирип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0