Билетке жетишип кал! Футбол федерациясы күйөрмандар үчүн сынак жарыялады

Жазылуу
Беш күйөрман акысыз билеттин ээси боло алат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол федерациясы Кыргызстан — Сирия оюнуна акысыз билет үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Футбол: Кыргызстан менен Палестина тең чыкты
Жолоштук беттеш дүйшөмбү күнү саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Сынакка катышууну каалагандар түшкү саат 13:00дө футбол федерациясына барып, "Күч биримдикте!" деген сыр сөздү айтышы керек. Конкурс бир гана күн болот.

Биринчи чуркап барган беш күйөрман бактылуу билеттин ээси болмокчу.

Дареги: Медеров көчөсү, 1б (Шабдан баатыр көчөсү менен кесилишет).

Жаңылыктар түрмөгү
0