Москвадагы элчилик: беш кишинин абалы оор

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарга караганда, кыргызстандык бир жарандын абалы орто, ал эми бир киши ооруканадан чыгарылды.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Москва шаарында эртең менен унаа тепселеп кеткен кыргызстандыктардын ичинен беш кишинин абалы оор. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Москванын Новочеркасский бульварында рулда отурган адам кыргызстандык мекендештерин тебелетип кеткендиги туурасында маалымат тараган. Бир аздан кийин 21 жаштагы Бекжан. С. аттуу шектүүнүн кармалгандыгы кабарланган.

"Беш киши оор абалда, бирөөнүн абалы орто, бир жаран ооруканадан чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтен кырсыктагандар Москва шаарынын ар кайсы ооруканаларына жеткирилгендигин кошумчалашты.

Буга чейин элчиликтен бир аталган кырсыктан бир адамдын каза болгондугун кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0