Борбор калаада пластикалык хирургия боюнча эл аралык конгресс өтөт

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация по удалению злокачественной опухоли
Операция по удалению злокачественной опухоли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Япония, Индонезия, Түштүк Кореядан чогулган илимпоздор катышат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкекте пластикалык хирургия боюнча эл аралык конгресс өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара борбор калаада 10-11-сентябрь күндөрү уюштурулат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Япония, Индонезия, Түштүк Кореядан чогулган илимпоздор катышат.

"Хирургдар медицинанын пластикалык хирургия багыты боюнча доклад окуп, талкууларды өткөрөт", — деп уюштуруучулар маалымдашты.

Конгресс Борис Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин 25 жылдыгына карата өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0