Түркия 2020-жылы өтө турган Көчмөндөр оюндарында кыргыз логотибин колдонот

© Sputnik / Жоомарт УраимовКарта мероприятий III Всемирных игр кочевников
Карта мероприятий III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДКОнун эн белгиси Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчиги болуп саналат.

ЧОЛПОН-АТА, 8-сен. — Sputnik. Түркия Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын логотибин Кыргызстандын уруксаты менен колдонот. Бул тууралуу ДКОнун башкы катчысы Нурсултан Аденов билдирди.

Анын айтымында, аталган оюндардын эн белгиси Кыргыз Республикасына таандык.

"Бул биздин өлкөбүздүн интеллектуалдык менчиги. Түркия аны уруксат кагаздын негизинде колдонот. Экинчи, үчүнчү оюндарды өткөрүүдө биз брендбукту өзгөрткөнбүз. Мындайча айтканда, концепцияга ылайык негизги белгинин айланасына башка сүрөттөр тартылган. Төртүнчү оюнда да ушундай болот", — деди Аденов.

Ал эми биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов, үчүнчү ДКОну уюштурган топ төртүнчү оюндарды да уюштурууга катыша тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0