Эрдогандын аялы Жээнбековдун жубайы туурасында видеопост жарыялады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТүркия президентинин аялы Эмине Эрдоган жана Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Токоева
Түркия президентинин аялы Эмине Эрдоган жана Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Токоева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанда 1-2 сентябрда расмий сапары менен болуп, андан соң Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылышына катышты.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Түркия президентинин аялы Эмине Эрдоган Twitter баракчасына Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Токоева менен түшкөн видеосун жарыялады.

Эске салсак, Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанда 1-2 сентябрда расмий сапары менен болуп, андан соң Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылышына катышкан.

Эмине Эрдоган сапар учурунда Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева менен түшкөн сүрөттөрүн слайд кылып Twitter баракчасына койгон.

"Кыргызстандан эң сонун таасир менен кайтып келдик. Тоодогу көчмөндөрдүн турмушун ар кыл өңүттөн көрүп, тааныштык. Кыргызстан менен биздин өлкөнүн алакасынын өнүгүшүнө себепкер болгон Достук ооруканасына бардык. Андан сырткары, китепкана менен маданий борборду ачтык", — деп жазган ал.

​Эрдоган Кыргызстанга жасаган сапары боюнча пикирлерин жазып, түрк президенти Жээнбековго ыраазылыгын билдирген.

"Бизди жылуу кабыл алган Кыргызстандын президенти Жээнбеков мырзага жана кыргыз боордошторго, алардын меймандостугуна ыраазымын", — деп жазган саясатчы.

Кыргызстан жетекчиси Көчмөндөрдүн IV оюнун өткөрүү эстафетасын Түркияга өткөрүп берди. Ал 2020-жылы болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0