Чогуу жашап албайт! Жатаканада турам дегендерге 7 "болбойт"

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖатакана тургундары. Архив
Жатакана тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адатта студенттер окуу жылынын башында билимдин камы менен бирге жашай турчу жерин караштырат. Бул көбүнчө айылдык балдарга тиешелүү эмеспи. Кээси тууган-уругунун үстүнө кирсе, айрымдары жатаканага көчөт.

Жатаканада жашап калган тажрыйбалуу адамдардын айтымында, студенттер бир нече эрежени кулакка куюп алганы оң. Маселен, ар кандай адам менен турушуң мүмкүн, бирде эрте же кеч каласың, ачка-ток жүрүшүң ыктымал, деги эле жатакананын тиричилиги эсте каларлык. Айрым учурда ката кетирип же жаза басып жатаканадан чыгып калбаш үчүн билип ала турчу нерселер бар дешет.

"Болбойт" рубрикасынын кезектеги чыгарылышы дал ушул темада.

Мал базарда сатылып жаткан уй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күрөң кунажынды сатып окууга өтүп... Айылдык бүтүрүүчүнүн ыймандай сыры
1. Кандай адам менен жашай турганыңды билбейсиң. Негизи жетекчилер бир бөлмөгө 3-4 кишини жайгаштырат, элди бөлүштүрүп жатканда сенден сурап да койбойт. Андыктан ыйкы-тыйкы кыялданган адамдан тарта жашооңду өзгөртүп койгон адамдарга чейин кезиктиришиң ыктымал. Адамды адам өзгөртөт дегендей, жаныңдагылар тентек чыкса да жаман, бат эле дайын-дарегиңди таппай оң жолдон тайып кетесиң. Тың жана баамчыл болуу оң.

2. Атаандаша көрбө. Жайланашып алгандан кийин үй жыйноо, тамак жасоо, ажаткана менен залды жууп туруу дегендер башталат. Анан "сен кашык жуубай койдуң, мен кечке эле тасмалдын үстүн жыйнай беремби, кокуй, күнүм ушинтип өтүп кетеби" деп айтыша баштайсыңар. Колдон келсе кезекке туруп жасагыла, оозеки айтып болбойт, кагазга атайын түшүрүп алган оң.

3. Ысык-кысык мамиледе болуп кетпе. Анда эле бири-бириңдин бөлмөңө түнөмөй башталат… Кыздар болсо бир жөн, кээде жаштык дейбизби же дагы башка себеп мененби, балдар менен селкилер бир бөлмөгө батып алышат. Кой деген кожо, ай деген ажо жок, ата-энем айылда деп ээнбаштык кылган болбойт.

4. Кеч келбе, карагым. Жатакана түнкү он экилерге чейин ачык. Бул абдан жакшы тартип, ушул убакка чейин ар бир адам ишин, окуусун бүтүрүп үйүндө болуп калышы керек. Кандайдыр бир талаптар болбосо, өзүңдү өтө эле эркин сезип кетишиң мүмкүн да. Анан 12ден кеч болуп кетсе, эшикте калып калбай, сөздүн ыгып таап вахтадагыларды жибитип кой. 50 сом жетет… Албетте, тамаша, бирок жашаганды үйрөнүш керек.

Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көк боор жебейт, моюн мүлжүбөйт! Кыз балага карата 7 "болбойт"
5. Тараканды каптатып ийбе. Көпчүлүк бар жерде тазалыкты сактоо кыйын. Анүстүнө борбордогу жатаканалардын эскилиги эбак жетип, таракан, кантала өңдүү каскактар каптап алган. Мүмкүн болсо таштандыны чогултпай бат-баттан төгүп, үйдү жууп тазалап, зыңкыйта кармаган оң.

6. Камыр тамактарды жей берип ашказанды бузуп алба. Акчанын жоктугунан эмес, жалкоолукка алдырып казан кайнаткың келбейт. Анан эшикке чуркап чыгып дүкөндөн кургак тамактан шам-шум эте каласың. Ушинтип жүрө берип бир күнү ашказанды сестентип алганыңды сезбей каласың.

7. Бирөөгө кийим бере бербе, башка бирөөнүкүн да кийбей эле кой. Бул көбүнчө кыздарга тиешелүү. Антейин десең, балдар деле той-кечеге барганда костюм-шымдан тарта байпакка чейин алмашат экен. Кыздардын конокко бараарда эшикти тыкылдатып келип "көйнөк сурамайлары" башталат, бир берип койсоң адатка айландырып алышат. Колоңсо, шыбоо дегендер ушинтип жабышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0