11:29 19 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Кырчын этношаарчасы. Архивдик сүрөт

Көчмөндөр оюндарынын төртүнчү күнү. Учурда эмне болуп жатат?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
39810

Бүгүн Чолпон-Ата шаары менен Кырчын жайлоосунда бир катар мелдештер өтүп, көчмөндөрдүн жашоо турмушун көрсөткөн бир катар иш-чаралар пландаштырылган.

Эл аралык иш-чаранын кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан таанышсаңыз болот.

Жаңы билдирүү
  • 16:25

    Көчмөндөр оюнуна келген сумочулар

    Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын дүйнөлүк үчүнчү оюндарына кирген сумо боюнча мелдеш аяктады. Жалпысынан 14 мамлекеттен келген 18 спортчу катышты. Катышуучулардын бардыгы өз мамлекеттеринин чемпиондору.

    Кыргызстандын намысын Азия чемпионатынын байге ээси Алмаз Эргешов коргоду. Ал абсолюттук салмак категориясы (115 салмактан жогору) боюнча ат салышты. Балбан Өзбекстан менен Индиянын спортчуларын утуп, андан кийин россиялык балбандарга алдырып койду. 

    Мелдештин жыйынтыгында биринчиликти Краснодардан келген Монгуш Айдын ээлесе, экинчи орунга Монгуса Морген (Хакасия, Россия) татыды. Үчүнчү орунду Япониядан келген Суисаки Исуки менен Тывадан келген Түлеш Сайын-Белек алды.

    Алтын медаль алганга 75 миң сом акчалай сыйлык каралса, күмүш үчүн 35 миң сом, коло үчүн 17,5 миң сом ыйгарылат.

    Сумо спорту Кыргызстандан 1990-жылдардан тарта өнүгө баштаган. Атамекендик спортчулар Азия чемпионаттарында беш коло байге алган. Андан сырткары, эл аралык башка мелдештерден күмүш жана коло байгелерге татыган.

    (2:05 / 13.95Mb / )
  • 15:41

    Ипподромдо Казакстан менен АКШнын көк бөрү командасы оюн өткөрүүдө. Биринчи бөлүктө 7:3 эсеби менен Казакстан алдыга чыкты.

  • 15:24

    Көчмөндөр оюндары. Нарын

    Нарын облусу "Көчмөндөр ааламы" фестивалына мыкты даярдыкта катышууда. Бул тууралуу облустун маалымат кызматы кабарлады.Сынактын шартына ылайык элдик кол өнөрчүлөр, темир устачылык, жыгач устачылык, зергерчилик, ала кийиз жасоо, байыркы маданий жана турмуштук эмеректер, боз үйлөрдү ылдамдыкта тигүү, улуттук салттуу ырлар, салттуу бийлер, саркеч кийим, каада-салт жана башка кароолордо күч сынашууда.

    "Каада-салт" сынагында Нарын облусу "Куда түшүү" салтын айтылуу Ак мөөрдүн образында театрлаштырып эл назарына сунду. Көк түстөгү көлөмдүү кездеме ордонун ортосуна жайылып, толкуган көлдүн элесин берди. 

    75 баштуу, 5 канат боз үйдү ылдамдыкта тигүүдө эки команда жогорку даярдык менен келди. 

    Ал эми башка сынактар боюнча жыйынтык калыстар тобунун чечими менен 5-6-августта чыкмакчы. 

    Спорттук мелдештер боюнча кошумчалай кетсек, Кыргызстан командасынын курамында катышып жаткан нарындык Нурбек Исмаилов Оймок аттуу кушу менен "Бүркүт салуу" сынагында алтын медаль тагынса, далба (ителги салуу) сынагында дагы баш байгени нарындык Мурат Абдылдаев жеңип алды.


    III Всемирные игры кочевников. 4 день. Ущелье Кырчын
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Нарынской области
    III Всемирные игры кочевников. 4 день. Ущелье Кырчын
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Нарынской области
    III Всемирные игры кочевников. 4 день. Ущелье Кырчын
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Нарынской области
  • 15:08

    Англисче сүйлөгөн милиционерлер

    Кырчын жайлоосунда тартипке көз салып турган милиция кызматкерлери туристтер менен англис тилинде сүйлөшүп жатат. Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, жайкы сезондун жана Көчмөндөр оюндарынын алдында милиция кызматкерлери Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде эки айлык тил курсунан өтүшкөн.

  • 14:46
    Казакстандын улакчысы. Архивдик сүрөт

    Казак улакчылары Красноярск командасын ири эсеп менен жеңди

    Эми саат 15.00дө Казакстандын курама командасы АКШдан келген улакчылар менен беттешет.
    Дагы
  • 12:59

    Көк бөрү үч бөлүк менен ойнолот. Ар бир бөлүгүнө 20 мүнө, ал эми тыныгууга 10 мүнөт берилет. Команданын курамы 12 улакчыдан турат. Бирок оюн тааласына кезектешип төрттөн гана чыгышат.

  • 12:57

    Көк бөрү: Казакстан — Красноярск. Экинчи бөлүк

    Красноярск командасы экинчи бөлүктө жанданып, каказ улакчыларына катуу тиш кайрай баштады. Ошентип эсеп саны 8:3 болуп, экинчи бөлүк соңуна чыкты.

  • 12:40

    Сумо боюнча мелдеш өттү

    Көчмөндөр оюндарында сумо боюнча да мелдеш өтүп, 14 өлкөдөн 18 спортчу катышты. 

    Кыргызстандык спортчу, 115 кг салмак категориясында ат салышкан кыргызстандык Алмаз  Эргешов медалга илинбей калды. Биринчи кармашта краснодарлык спортчу Могуш Айдинге, экинчи беттеште тувалык Сайын Белекке утулуп калган.

  • 12:26

    Көк бөрү мелдешин көрүүгө келгендер ипподромдун ичине толоюн деп калды. Арасынан чет өлкөлүктөрдү кезиктирүүгө болот.

  • 12:25

    Казакстан — Красноярск. Көк бөрү оюну

    Ипподромдо Красноярск менен Казакстан командалары беттеш өткөрүүдө. Оюндун биринчи бөлүгү 4:0 эсебинде казак улакчыларынын эсеби менен жыйынтыкталды.

  • 11:28

    Балбандар күрөшкө түшүүдө

    Бүгүн саат 9.00дө спорт комплексте кыргыз күрөш боюнча мелдеш башталган. Саат 16.00дө финалга чыккан балбандар байге үчүн күч сынашат.

    Спортсмены на кыргыз курошу в рамках третьих всемирных играх кочевников в Чолпон-Ате
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
    Спортсмены на кыргыз курошу в рамках третьих всемирных играх кочевников в Чолпон-Ате
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • 11:15

    Айтыштын финалына чыккан кыргыз-казак акындары

    Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосу. Архивдик сүрөт

    Кырчын: айтыштын финалына чыккан кыргыз-казак акындарынын тизмеси

    Финал 5-сентябрь күнү "Кырчын" этношаарчасында саат 14.00дө башталат.
    Дагы
  • 11:14

    Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан капчыгына 43 медаль чогултуп көч баштап бара жатат. Анын 15и — алтын, 15и — күмүш жана 13ү — коло. 

    Көчмөндөрдөрдүн дүйөнлүк III оюндарына 82 мамлекеттен (Россиянын 11 субъектиси) 2500 спортчу келген. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Мелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Жалпы жонунан медалдын 594 комплектиси ойнотулат. Анын ичинен 174ү — алтын, 173ү — күмүш, 247си — коло. 

  • 11:14

    Көк бөрү: Алтай командасы кыргыз улакчылары менен беттешүүгө чыкпай койду

    Алтай командасы оюнга чыкпай калып Кыргызстандын улакчылары жеңүүчү аталды. 

    Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдиргендей Алтай командасынын курамы толук болбой калган. 

    "Айрым оюнчулары жаракат алганына байланышуу улакчыларынын саны толук болбой калды. Буга байланыштуу аларга оюнга чыгууга уруксат берилген жок", — дешти агенттиктен. 

    Ал эми саат Казакстандын улакчылары 12.00дө Красноярск, 15.00дө АКШ командалары менен беттешет. Ошондой эле саат 13.30да Өзбекстан менен Франциясынын улакчылары оюн талаасына чыкмакчы. 

    Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча 11 команда күч сынашууда. Биринчи айлампада Кыргызстандын улуттук курама командасы монголдорду 29:5 эсебинде жеңип алган. 

  • 11:13
    Кырчын жайлоосундагы этнофестиваль оюндары. Архивдик сүрөт

    Көчмөндөр оюндары: 5-сентябрда болчу мелдештер менен иш-чаралар

    Көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, 8-сентябрга чейин уланат.
    Дагы
  • 11:12

    Көчмөндөр оюндары бүгүн да уланууда. Спорттук мелдештер, оюн-зооктор, көргөзмө. жарманкелер Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда, спорт комплексте, Бостеридеги "Nomad" амфитеатрында. Кырчын жайлоосунда өтөт.

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)

Тема боюнча

Көйкөлгөн кыздар, балпайган байбичелер. Кыргыздын көз талдырган кийимдери сүрөттө
Жаш жигит Кырчындан бактысын таап, өзгөчө той өткөрдү. Видео
Көчмөндөр оюндары: 5-сентябрда болчу мелдештер менен иш-чаралар
Белгилер:
оюн-зоок, каада-салт, Спорт, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кырчын, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ