Майрамдан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 10 тонна таштанды чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке
Празднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкананын кызматкерлери дээрлик бир сутка бою нөөмөттө туруп, маал-маалы менен тазалап жатышты.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. "Тазалыктын" кызматкерлери борбордук аянттан Эгемендүүлүк майрамынан кийин 10 тонна таштанды алып чыгышты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.

Тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн тогуз атайын техника тартылган. Алардын алтоо таштанды чыгаруучу, үчөө көчө жуугучтар.

Ишканадан билдиришкендей, былтыркы майрамдоодо дагы болжол менен ушунча көлөмдөгү акыр-чикир чыккан.

Аянттын аймагына дөңгөлөгү бар 50 желим жана 10 темир контейнер коюлган.

Таң эрте башталган тазалоо иштери түнкү саат экиге чейин уланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0