Нарындын Эчки-Башы айылында мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Нарынской областиНарын районунун Эчки-Башы айылында мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди
Нарын районунун Эчки-Башы айылында мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда облустун аймагында 50гө чукул курулуш жүрүп жаткандыгы айтылды.

БИШКЕК, 31-авг.— Sputnik. Нарын районунун Эчки-Башы айылында мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул туурасында өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Салтанатка катышкан өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов учурда облустун аймагында 50гө чукул курулуш жүрүп жаткандыгын билдирди.

"Быйылкы жылы 9 объектини пайдаланууга берүү пландалууда. Анын бешөө мектеп, экөө мектептин спорт залы", — деди Кайыпов.

Эчки-Башы айылынын мектебинин эски имараты 1960-жылдары ашар жолу менен салынган. Имарат авариялык абалга келгендиктен 2016-жылдын март айында жаңы мектептин курулуш иштери башталган. Жалпы сметалык баасы 62 миллион 448 миң сомду түзгөн. 

Жусуп Иманалиев атындагы Эчки-Башы орто мектебинде учурда 362 окуучу билим алып, 38 мугалим эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0