Сооронбай Жээнбеков: эркиндик эч качан белекке берилбейт

Жазылуу
Кыргызстан эгемендүүлүк алгынана бүгүн 27 жыл толду.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эркиндик эч качан белекке берилбейт, эркиндик үчүн ата-бабалар кылымдар бою тынымсыз күрөшүп келди.Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен "Ала-Тоо" аянтында куттуктап жатып айтты. 

"Бүгүн — улуу салтанат. Элибиз эзелтеден эӊсеп келген эркиндикке жеткен күн. Улутубуздун үмүтү, тилеги, мүдөөсү ишке ашкан күн. Өз алдынча мамлекет болуп, дүйнө цивилизациясында, адамзаттын улуу көчүндө өз ордубузду таптык деп туу көтөргөн күнүбүз", — деп айтылат куттуктоодо.

Өлкө лидери Кыргызстандын соңку тарыхы жөнүндө сөз кылып жатып, жүрөгүндө оту, жүлүнүндө намысы бар кыргыз баласы үчүн эркиндик каны менен кошо айланган баалуулук экенин тарых дагы далилдеп турганын белгиледи. 

Сооронбай Жээнбеков эгемендүүлүктүн баасы кандай экенин айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков эгемендүүлүктүн баасы кандай экенин айтты. Видео
"Жараткандын амири менен эгемен мамлекетте, эркин коомдо жашоо мүмкүндүгү — биздин муундун тагдырына туш болду. Бүгүн белгилеп жаткан 27 жыл — бул тарыхтын өлчөмүндө анча деле көп эмес убакыт. Бирок биз мааниси жагынан кылымга тете мезгилди басып өттүк. Дүйнөлүк коомчулукта өз ордубузду таптык. Кыргызстан эл аралык аренада толук кандуу таанылган мамлекет болду", — деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсү — ар бир жарандын мекенге болгон патриоттук сезимине байланыштуу экенин белгиледи. Анын айтымында, жарандын укугун коргоп, анын эркиндигин сыйлаган мамлекетте жашаган адам гана ошол өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууну эңсейт, максат кылат.

Президент калайык-калкка, өлкөнүн ар бир атуулуна, сыртта жүргөн мекендештерге ден-соолук, ийгилик, бактылуу жана бакубат жашоо каалап, өлкөдөн өткөн дөөлөт болбой турганын, кыргыз мамлекети — баарынан жогору экенин белгиледи.

Ушул тапта Кыргыстандын ар тарабында кандай окуялар болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0