Кырчында тамеки тарткандар айыпка жыгылат. Акчанын көлөмү

© Sputnik / Табылды КадырбековКырчын жайлоосундагы театралдык иш чаралар. Архив
Кырчын жайлоосундагы театралдык иш чаралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чылым чегүүгө Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Атадагы ат майданда жана спорт комплексинде тыюу салынат.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Көчмөндөр оюндары өтчү жайларда тамеки тарткандар айыпка жыгыла турганын кабарлады.

Национальные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Кийинки Көчмөндөр оюндары кайда өтөрү божомолдонду
Министрликтин маалымат кызматынын консультанты Елена Баялинованын айтымында, Көчмөндөр оюндарына карата атайы кабыл алынган концепцияда иш-чара өтчү жайларда чылым чегүүгө тыюу салган пункт бар.

Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарындагы ат майдан менен спорт комплексинде тамеки тартууга болбой турганын тастыктады. Биринчи жолкусунда ыктыярчылар эскертүү берет.

Талапка ылайык, тамеки тартып кылтакка илинген адамдар 500 сом, кызмат адамдары 1000-2000 сом, ал эми юридикалык тараптар 10 миңден 50 миң сомго чейин айып тартат.

Буга чейин Кырчын жайлоосунда ичкилик сатууга тыюу салынганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0