Абактагы Исаков, Артыкбаев жана Сатыбалдиев эмне жейт. Түрмөдөгү тамак-аш

© Sputnik / Табылды КадырбековТамак салып жаткан абак кызматкери. Архив
Тамак салып жаткан абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын убактылуу кармоо жайында башкалар менен катар эле мурдагы өкмөт башчы, министрлер саяктуу жогорку кызматтарды аркалаган аткаминерлер отурат. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги аларга кандай тамактар берилерин, өздөрүндө нааразычылык бар-жогун сурап көрдү.

Бир нече жыл мурда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев "камакка алынган аткаминерлер үчүн ал жак курорт сыяктуу. Каалагандарга бир орундуу камера берилип, туугандары казы-карта алып келе берет" деп айткан.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адвокат Сапар Исаковдун камакта эмне кылып жатканын айтып берди
Аталган жайда камалган аткаминерлерге кандай тамак-аш берилерин билүү үчүн УКМКнын өзүнө кайрылганбыз, бирок ал жактан расмий кат жолдошубуз керектигин айтышты.

Мындан улам биз ведомствонун жообун күтпөй эле мурун-кийин камакта жаткан саясатчылардын өздөрү жана адвокаттары менен сүйлөштүк. Анткени расмий жооптуу күтүүгө эки аптадай убакыт кетиши мүмкүн.

Азыр абакта жаткандар

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Айжан Орозакунованын айтымында, саясатчы тамакка нааразы эмес.

"Жумасына бир жолу, ишемби күндөрү тамак киргизилет. Салмагы боюнча айтсам, 25 килограммга чейин уруксат берилет. Билишимче ага көбүнчө айран, жумуртка жана жер-жемиштерди алып барышат",— деди Орозакунова.

Эскерте кетсек, Артыкбаев ТЭЦ модернизациясындагы коррупция боюнча кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев дагы анын кардары тамак-аш боюнча даттанбаганын айтты.

"Бирок ар ишемби сайын жубайы тамак ташыйт. Билишимче сүт азыктарын, суусундуктарды жана чакан идишке куюлган суюк тамактарды алып барат", — деди жактоочу.

Исаков дагы Артыкбаев сыяктуу ТЭЦ коррупциясы боюнча шектелүүлө. Абакта жаткан Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов дагы такмакка ыраазы. Экөөнүн адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, буларга дагы туугандары аптасына бир ирет тамак-аш көтөрүп келишет.

Экс-мэрге Кылмыш жана жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча айып тагылса, Ибраимов ошол эле кодекстин төрт беренеси боюнча шектелүүдө.

Камалып чыккандар

Парламент Кыргызстана денонсировал соглашение о ЦТП Манас - Sputnik Кыргызстан
Түнкүсүн уктай албай жатат. Жантөрө Сатыбалдиевдин абактагы абалы айтылды
Коомдук ишмер, "Кыргызалтын" ишканасынан мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгулов кеңири комментарий берүүдөн баш тартты. Болгону "бир адамга бюджеттен канча бөлүнөрүн карап көргүлө, жагдай дароо түшүнүктүү болот" деп жооп узатты.

Эске салсак, Сарыгулов мамлекетти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча кармалып, кийин "Кылмышты жашыруу" беренеси боюнча шарттуу кесилген.

Экс-башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев "7-апрель иши" боюнча камалып, 2016-жылдын акырында эркиндикке чыккан.

Адвокаты Икрамидин Айткуловго өзү айтып бергенине караганда, тергөө абагында өз эсебинен тамактанган. Тагыраагы, тамакты үйдөн алып келип беришчү. Андыктан абактын ашы тууралуу эч нерсе айта албайт.

"Камактагылар эч качан тамакка нааразы экенин айтышпайт. Алар төргөөнүн жүрүшүнө, абак жетекчилигине карата арызданышы мүмкүн. Бирок ичинде иштеп жаткандарга, ашканага эч нерсе дей алышпайт. Бул абактын ички "мыйзамдарына" туура келбейт", — деди Айткулов.

Айта кетсек, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагында жаткандарга күнүнө ден соолугуна жараша 80 сомдон 130 сомго чейин бөлүнөт. Ал эми УКМКнын убактылуу кармоо жайы тууралуу мындай маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0