Улан Эгизбаев "Эрдик" медалы менен сыйланды

Жазылуу
Тиешелүү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койду.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков маркум журналист Улан Эгизбаевди "Эрдик" медалы менен сыйлоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Журналист Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөндүгү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана активдүү жарандык позициясы үчүн "Эрдик" медалы менен сыйланды", — деп айтылат маалыматта.

Улан Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде сууга чөгүп каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0