Сания Шакированын өлүмү боюнча экинчи соттун чечими чыкты

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области"Дүйнө сулуусу" наамынын ээси Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгы. Архив
Дүйнө сулуусу наамынын ээси Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун энеси Насиба Мамбеталиева акыйкат сот болоруна ишене баштаганын айтты.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. "Дүйнө сулуусу" наамынын ээси Сания Шакирова каза болгон жол кырсыкка күнөөлөнүп жаткан айдоочу камакта калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдун апасы Насиба Мамбеталиеванын жактоочусу Рустам Абдурауфов билдирди.

Анын айтымында, экинчи сот отуруму бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл облустук сотунда өткөн.

Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018 наамынын ээси Сания Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыбайм, балдарымды чоңойтом! Бейажал кеткен Сания Шакирова тууралуу 7 факты
"Мурунку сот декреттик өргүүгө кеткендиктен кайрадан жаңы соттук түзүм түзүлүптүр. Бардык иш башынан, кайрадан каралып, жыйынтыгында сот кеңеш залында эки сааттай отуруп, акыры Чыңгыз Кондурбаевди үй камагынан кайра камакта калтыруу чечимин чыгарды. Сот Кондурбаев үй дарегин туура эмес айткандыгын, ал унааны айдоочулук күбөлүгү жок, мас абалында башкарганын эске алды. Ошондой эле буга чейин топтошуп бейбаштык кылып кылмыш жазасына тартылганын жана Намба такси кызматынан эч кандай жол баракчасын албай, маркумдун жакындарына материалдык көмөк көрсөтпөгөнүнө да басым жасады", — деди Абдурауфов.

Сания Шакированын апасы Насиба Мамбеталиева болсо акыйкат сот болооруна көзү жете баштаганын айтты.

"Соттордун баары акчага сатылып кетеби деп сарсанаа болуп жаткам. Жок, бул жолку соттун чечимине ыраазымын. Кийинкиде дагы адилеттүү чечим чыгарып беришет деп ишенем", — деди Мамбеталиева.

"Дүйнө сулуусу" наамынын ээсинин өлүмү боюнча биринчи сот 15-августта болуп, анда маркумдун энеси маанилүү деле эч нерсе каралбаганын айткан.

Эске салсак, 3-июндун түнүндө Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында айдоочу рулду башкара албай автоунаа мүрзөнү барып сүзүп, ичиндеги Сания Шакирова каза болгон.

Айдоочунун кырсык болгон учурда мас экени аныкталып, эки айга камакка алынган.

Дүйнөнүн сулуу айымы – 2018 сулуулук сынагынын жеңүүчүү Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Эмнеден жазганымды билбейм. "Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова менен маек
Ал эми Ички иштер министрлиги унаанын айдоочусу ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондубаевдин уулу экенин да тастыктаган.

Кийин айдоочу үй камагына чыгарылып, буга Шакированын апасы нааразычылыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Сания Шакирова үстүбүздөгү жылдын апрель айында Miss Universe Beauty-2018 (Аалам чүрөгү-2018) эл аралык сынагында Missis World (Дүйнөнүн сулуу айымы) наамын жеңип алган. Ал 30 жашта эле, артында үч баласы калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0