Кыргызстанда салык төлөө мөөнөтү узартылды

Жазылуу
Салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндөгү административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелмекчи.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Дем алыш күндөрүнө байланыштуу унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктай турган болду. Бул тууралуу Салык кызматынан маалымдашты.

Билдирмеге караганда, Салык органдары жарандарды 4-сентябрга чейин, анын ичинде майрам жана дем алыш күндөрү эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 22.00гө чейин кабыл алат.

"Унаа, турак жай, батир жана жер салыктарын төлөөгө жетишпей калган жарандар калган күндөрү, анын ичинде 4-сентябрда да төлөй алышат", — деп айтылат маалыматта.

Жилой дом для переселения по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан
Алданып калбаңыз! Батир алам дегендерге юристтин 9 кеңеши
Төлөмдү айрым банк мекемелеринин кассаларынан, терминалдардан, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндөгү административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелмекчи.

Кеңири маалыматты 194 телефон номуру же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0