Көчмөндөр оюндары: унааны кайда токтотуп, маршруткага канча төлөйм

© Sputnik / Табылды КадырбековКультурные мероприятия в рамках ВИК на джайлоо Кырчын
Культурные мероприятия в рамках ВИК на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-8-сентябрь күндөрү автобустардан тышкары элди маршруткалар дагы ташыйт.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Саналуу күндөрдөн кийин баштала турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарындагы транспорт, шаар ичинен каттоо жана унаа токтотуучу жайлар жөнүндө иш-чаранын логистика жана коопсуздук боюнча координатору Каныбек Таалай уулу айтып берди.

Унаалар кайсы жерлерден текшерилет?

Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосундагы оюн-зооктор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кырчындагы башкы оюн-зоок канчада кантип башталары айтылды
Алгачкы текшерүү посту Балыкчы шаарында жайгашкан. Бирок ал оор жана кооптуу жүк ташып бара жаткан унааларды гана карайт. Каракол шаары же анын тегерегинде жайгашкан жактарга бара жаткан жүк ташуучу унаалар бул күндөрү көлдүн түштүк жээги менен каттоого милдеттүү. Экинчи пост Чолпон-Ата шаарынын кире беришинде. Бул жерден текшерилген соң ээсинен иш-чаранын ачылыш-жабылыш аземдерине билети болсо, унаа дароо паркингге токтотулат. Андан ары шаардык транспорт же акысыз шаттл-бас менен кетесиз. Үчүнчү пост шаардан чыга берген жерде жайгашкан. Мында кирип дагы, чыгып дагы бара жаткан унаалар текшерүүдөн өтөт.

Паркингдер кайсы жерде жайгашкан?

Коноктор үчүн төрт унаа токтотуучу жай иштейт. Биринчиси — Чолпон-Ата шаарынын кире беришиндеги эски аэропорттун аймагында. Экинчиси — шаардын чыгыш тарабындагы №54 ат заводдун ичинде. Үчүнчүсү — "Кырчындагы" этно-шаарчанын түштүк тарабында. Буларга унаасын токтотуу үчүн айдоочулар 30 сом акы төлөшү керек. Төртүнчүсү — "Кырчын" жайлоосундагы көпүрөдөн өтө берген жерде. Бирок ал кадырлуу коноктордун гана унаалары үчүн.

© Фото / Секретариат ВИКОюндар учурунда элди акысыз шаттл-бастар жана 50-70 сомдук жол кире алган маршруткалар ташыйт
Карта мероприятий III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Оюндар учурунда элди акысыз шаттл-бастар жана 50-70 сомдук жол кире алган маршруткалар ташыйт

Кырчын жайлоосуна кантип жетебиз?

Бул жолу жайлоого жеңил унаалар бир тараптуу кирип-чыгат. Тагыраагы, Семеновка капчыгайы менен кирип, Григорьев капчыгайы тараптан чыгып кетишет. Ал эми ал ташыган маршруттук таксилер эки тараптуу жүрө берет. Мисалы Семеновка менен киргендер жакага ошол эле жолу менен кайтат.

Жолдо унаа бузулса эмне болот?

Кырчын жайлоосуна бара жатканда бузулуп же токтоого муктаж болуп калган унаалар үчүн жол жээгинде атайын бөлүнгөн жайлар болот. Мындан тышкары, эвакуаторлор иштейт.

Элди кандай транспортто ташыйт?

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна келген чет элдиктер жеринен катталса болот
Оюндардын ачылышы жана жабылышы өтө турган күндөрү шаар ичинде акысыз автобустар каттайт. Алар элди ат майданга жана кайра артка жеткирет. Ал эми Кырчынга каттачу маршруткалар 3үнөн 8-сентябрга чейин тынбай жүрөт. Жол акысы бир кишиге аралыкка жараша 50-70 сомдон. Маршруткалар элди Чолпон-Ата шаарынын автобекетинен, ипподромдун жана Булан-Сөгөттү айылындагы "Аврора" санаторийинин жанынан саат 7.30дан тарта алып кете баштайт.

Чолпон-Ата шаары аркылуу өтчү унааларга тоскоолдук болбойбу?

Оюнга тиешеси жок, жөн гана өтүп бара жаткан унаалар дагы эки посттон тең текшерилет. Бирок алардын жолун улоого эч ким тоскоолдук кылбайт.

Эскертүү: бул күндөрү кадырлуу коноктор өтө турган маалда жол кыймылына чектөөлөр киргизилип турат. Уюштуруучулар тобу муну түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Баса, бул күндөрү жолдон адашып же кандайдыр бир көйгөйгө учурасаңыз, "1262" атайын номерине байланышыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0