Эң мыкты болуп Чүй менен Көлдүн айыл өкмөттөрү аталды

Жазылуу
Конкурска жалпысынан 13 айыл өкмөттөн документтер келип түшкөн.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. "Эң мыкты айыл өкмөтү" жалпы республикалык конкурсу аяктады. Натыйжада Чүйдөгү Суусамыр менен Ысык-Көлдөгү Кутургу айыл өкмөттөрү алдыга озуп, 1 миллион 500 миң сомдон байгеге ээ болду. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Ага ылайык, мыкты айыл өкмөттөр 2017-жылдын жыйынтыгы менен аныкталган. Жалпысынан бул конкурска 13 айыл өкмөтүнөн документтер келген.

Атайын комиссия жеңүүчүлөрдү эки топко бөлүп, алты жеңүүчүнү аныктаган.

Биринчи топ:

I орун — Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айыл өкмөтү (1 500 000 сом);

II орун — Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтү (1 000 000 сом);

III орун — Талас облусунун Манас районундагы Покровка айыл өкмөтү (500 000 сом).

Экинчи топ:

I орун — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кутургу айыл өкмөтү (1 500 000 сом);

II орун — Нарын облусунун Жумгал районундагы Баш-Кууганды айыл өкмөтү (1 000 000 сом);

III орун — Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылы (500 000 сом).

Жаңылыктар түрмөгү
0