Чыңгыз Айтматов менен Алиман Жангорозова. "Фудзиямадагы кадыр түндөн" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен театр, кино актрисасы Алиман Жангорозованын сүрөтү 1988-жылы Чүй облусунда тартылган.

Ошол жылы режиссер Болот Шамшиев Чыңгыз Айтматов менен биргеликте сценарийин жазган "Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасы тартылган.

Ал кезеңди оператор Мурат Алиев мындайча эскерет:

"Фудзиямадагы кадыр түн" Беш-Күңгөй айылындагы тоодо үч айда тартылып, бир жылда көрүүчүлөргө сунушталган. Мен ага чейин Болот Шамшиев менен бир казак фильмин тартып калып, кийин да чогуу иштештик. Анын тартуу иштерине Чыңгыз Айматов өзү келип турчу. Себеби Шамшиев экөө сценарийин чогуу жазган. Ага кыргыз, казактын мыкты актерлору катышкан", — деди Алиев.

Съемки фильма Ак-Кеме в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Эңишке түшкөн Орозбек Кутманалиев менен Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Ошондой эле ал жашоодогу беш жигиттин достугун, чыккынчылыгын чагылдырган фильм бир катар эл аралык фестивалга катышкандыгын кошумчалайт.

Аталган тасмада Сабира Күмүшалиева, Айтурган Темирова, Гүлсара Ажыбекова, Лидия Каденова, Муканбет Токтобаев, Орозбек Кутманалиев, Раимбек Сейтметов, Кудайберген Султанбаев жана Акылбек Мураталиев да роль жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0