Көчмөндөр оюнуна келген чет элдиктер жеринен катталса болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарынын катышуучулары. Архив
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын көчмө борборлор Ысык-Көл облусунда, Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун жанына жайгашат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары маалында чет элдик жарандар жер-жерлерде калкты мобилдүү тейлөө борборлорунан каттоодон өтө алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосундагы оюн-зооктор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кырчындагы башкы оюн-зоок канчада кантип башталары айтылды
Ага ылайык, чет элдиктер 1-сентярдан тартып 9-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда, Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо уюштурулган көчмө тейлөө борборлорунан каттоого турса болот.

Аталган иш-чара чет элдик коноктор үчүн мамлекеттик каттоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жана ыңгайлуулукту камсыздоо максатында уюштурулууда.

Каттоодон өтүү үчүн чет элдиктер буларды билүүгө тийиш:

белгиленген формадагы кат (өтүнүч кат);

чет элдик жарандын ким экенин тастыктоочу паспорт же аны алмаштыруучу документ;

мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Кененирээк маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын 119 колл-борборунан алууга болот, чалуу акысыз.

КРдин мыйзамдарына ылайык лкөгө келген чет өлкөлүк жарандар 5 күндөн кийин каттоодон өтүүгө тийиш.

Чет өлкөлүк жарандарды каттоо үчүн зарыл болуучу документтердин тизмеги менен шилтеме аркылуу кирип таанышууга болот.

Ал эми 92 мамлекеттин жарандары Кыргызстанга ээн-эркин кирип чыга бере алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0