Салык кызматы майрамга карабай түнгө чейин төлөм кабыл алат

© Фото / пресс-служба ГНС КРСалык кызматынын бирдиктүү терезеси. Архив
Салык кызматынын бирдиктүү терезеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктайт.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Салык органдарында унаа, турак жай, кыймылсыз мүлккө жана жер салыгын төлөө үчүн жарандарды тейлөө боюнча кезметчилик уюштурулду. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турак жай менен унаа салыгын сентябрга чейин төлөбөгөндөр айыпка жыгылат
Адистер жогоруда аталган салыктарды төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин, анын ичинде майрам жана дем алыш күндөрү эртең мененки саат 9дан кечки 10го чейин иштейт.

Мындан сырткары, салыктарды айрым банктык мекемелердин кассаларында, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспортко, ал эми 2-сентябрда турак жайга, батир, үйгө (ишкердик үчүн колдонулбаган жай) жана жерге (огород, бакча, үйдүн алдындагы аянттар) салык төлөө мөөнөтү аяктайт. Эгерде жарандар өз учурунда төлөбөсө, 2 миң сом айып пул салынып, туум чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0