Кызматкер "Кыргыз темир жолу" 3 млн. сом кымырганын айтты. Ногойбаев эмне дейт

Жазылуу
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева мекеменин ичинде коррупциялык иштер бар экенин айтып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Асанбаева 2007-жылдан бери алыскы каттамга чыккан коштоочу болуп иштейт. Анын айтымында, поезддин начальниги адамдарды билети жок салып кетип, мунун айынан төрт айда мамлекет 3 миллион сом зыян тарткан.

"Кайрылуум чыккандан кийин жетекчилик эмгек жамаатты чогултуп мага каршы кол топтой баштады. Поезд башчысы Эркинай Жыргалбекова билети жок адамдарды, жолдон мигранттарды алат. Төрт айда эле 2000ден ашуун адам билети жок кеткен. Мындан мамлекет үч миллионго жакын зыян тартууда. Эгер каршы болсоң поезд башчысы коркутууга өтөт. Мисалы мени бригададан чыгарып салышты. Мага окшоп каршы чыккан дагы төрт адам бар. Башкалары кызматымдан айрылам деп коркуп унчукпай жатышат. Кийин поезд башчысы маалымат жыйын өткөрүп, мени баңгизат ташыйт деп айыптоого өттү", — деди Асанбаева.

Ошондой эле ал бул боюнча ишкана директоруна, профсоюздун башчысына, Транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары Азимкан Жусубалиевге кайрылып, жыйынтык чыкпаганын кошумчалайт.

© Фото / предоставлено Алией Асанбаевой"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева
Сотрудница госпредприятия Кыргыз темир жолу Алия Асанбаева - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева

Ал эми "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев бул иш боюнча учурда прокуратура, Финансы полициясы жана Транспорт министрлиги иликтеп жатканын билдирди. Бирок ал Асанованын айткандары суу кечпейт деген пикирди карманууда.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коррупция менен күрөшкөн УКМК атайын эсепке кезектеги каражатты которду
"Аларды куугунтуктап кимге кереги бар. Тескерисинче тийбегиле, катуу айтпагыла деп жатам. Мага келишкенде тиешелүү тараптарга тапшырма бердим. Унчукпай отуруп калган жокпуз, териштирип чыктык. Жөн эле айта бербей көргөзсүн. Бизде 5000 адам иштейт, анын 650сү коштоочулар. Алардын 99 пайызы алтын адамдар. Беш-алты киши эмгек жамааттын атынан сүйлөп чыкканы болбойт да. Кесиптештери менен кеңешип анан айтса бир жөн. Бизди Казакстан, Россия карап турат. Күлкүгө калбайлы", — деди Ногойбаев.

Ушул эле ишкананын Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын жетекчиси Эсенбек Ибраимов ички иликтөөнүн жыйынтыгында эч кандай кынтык табылбаганын айтат.

"Учурда комиссия иштеп, материалдардын көбү укук коргоо органдарында. Алия Асанбаева май айында поезд башчысынын үстүнөн арызданып кайрылган. Каттамга чыкканда эң негизги документ делип журнал берилет. Ага кайсы жерде текшерүү болуп, билети бар-жогун, жүгү канча экенин Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын текшерүүчүлөрү кароодон өткөрүп жазат. Андан эч нерсе табылган жок. Эң негизгиси документ таза болсо, кантип бир адамдын айтуусу боюнча чара колдонобуз. Аны изилдеш керек, дагы эле иликтөө жүрүп жатат", — деди Ибраимов.

Мындан сырткары, ал Чек ара кызматы берген маалымат так болбой, күмөн жаратып жатканын белгилеп өттү.

"Бизден билет алгандар менен чек арачылардын компьютерине түшкөн тизмеде айырма чыгып жатат. Анда билети жок өткөндөр аныкталат. Бирок, ошол эле учурда билети барлардын аты чыкпай калууда. Бизге маалыматты так бере албай коюшту. Ушул нерсе күмөн жаратууда. Анан Казакстан менен Россиянын чек арачыларына кат жолдосок алар кылмыш иши козголгон адамдын гана маалыматын бере алат экен", — деди ал.

Как задерживали депутата местного кенеша и чиновника со взяткой. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ноокатта пара алып жаткан жеринен айылдык кеңештин депутаты кармалды. Видео
Сөзүнүн соңунда Ибраимов коррупция боюнча кайрылуу жасаган Алия Асанбаеванын максаты коррупцияны ачыктоо эмес, поезд башчысы Эркинай Жыргалбеков менен пикир келишпестиги болушу мүмкүн деген оюн айтты.

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль жана темир жол транспорт башкармалыгы бул боюнча 24-августта комиссия түзүлүп иликтеп жатканын билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мекеменин бир катар кызматкерлерин коррупцияга айыптаган. Бул кайрылуу өлкө башчынын көңүлүн бурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0