Мугалим менен врачтар өкмөттөн үй ала элек. Мамлекет курган тамдар кимге тийген

Жазылуу
Азырынча мамлекет берген үйлөрдө күч түзүмдөрүнүн, сот системасынын жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери гана жашап келет.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери мугалимдер менен дарыгерлерге мамлекет тарабынан бир дагы турак жай бериле элек. Бул тууралуу өкмөт аппараты мамлекеттик кызматкерлерди үй менен камсыздоо боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маалыматында белгилүү болду.

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күзгө чейин Бишкектен үй сатып алууга үлгүрүңүз! Турак жай рыногундагы баалар
Негизи эле мындай үйлөр күч структуралары, сот системасы жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине берилип жүрөт. Мисалы, 2016-17-жылдары аскер кызматкерлери менен милиционерлеге деп 1852 батирлүү 52 үй курулган.

Былтыркы жыл боюнча айтсак, Нарында чек арачылар менен Жаза аткаруу кызматына, Токмокто милиционерлерге, Бишкекте ӨКМ жана УКМК кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылган.

Баса, бүгүнкү материалда берилген турак жайлар тууралуу толук жаза албайбыз. Анткени күч түзүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин үй маселесин чечүү боюнча маалыматтар сыр катары сакталат.

Мамлекет куруп берген турак жайды кимдер алат?

Жогоруда айтылгандай, бийлик бул жаатта күч түзүмдөрүнө артыкчылык берип келет. Андыктан башка тармактын кайсы кызматкерлери, кандай шартта үй алганын мисал келтире албайбыз.

Бирок келечекте көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Финансы полициясына Бишкек шаарынан жер тилкеси бөлүнгөн. Атургай аталган министрликке курулуш иштери үчүн республикалык бюджеттен 340 миллион сом бөлүнгөн.

Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев вручил сотрудникам ГСИН ключи от квартир - Sputnik Кыргызстан
Премьер ЖАМК кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Сүрөт
Негизи мамлекеттик кызматкерге үй берүү КРдин Турак жай кодекси аркылуу ишке ашат. Мисалы, күч структураларын алсак, бул тармакта 20 жылдан ашык эмгектенип, кийин кызматтан өз эрки менен кетип же пенсияга чыккан адистер мурда жашап жүргөн кызматтык үйүн менчиктештирүүгө укуктуу. Кызматта турган учурда канча жыл иштесе дагы ал үйдү өзүнө чыгарып ала албайт. Ошондой эле акысыз үй кызмат учурунда жаракат алып майып болуп калган же каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө берилет. Мындан тышкары, көп балалуу үй-бүлөлөр көңүл сыртында калбайт. Негизги шарт — акысыз үй алчу адамдын менчигинде башка турак жай болбошу керек.

Менчикке алгач үйдү кантип колдонсо болот?

Турак жайды менчигине өткөргөн адам аны өзү каалагандай пайдаланат. Мисалы аны сатууга, ижарага берүүгө же белек кылууга укуктуу.

Кызматтык үй алуунун жол-жобосу?

Вручение новых квартир сотрудникам ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлдөрү депутаттарга берилген үйдүн жарымында эле жашайт
Кайсы структура үчүн кызматтык батирлер каралган болсо, ошол мекеменин кызматкери жетекчиликке арыз жазат. Ал үч айдын ичинде каралып, чечим кабыл алынат. Кызматтык үйдү сатууга, ижарага берүүгө болбойт. Кызматкер жумуштан кеткенде үй-бүлөсү менен чогуу батирди бошотуп берүүгө милдеттүү. Жаратылыш кырсыктарынан улам үй жараксыз болуп калса, ошол үйдө жашап жаткан кызматкерге башка турак жай берилиши керек.

Мамлекеттин карамагындагы кандай үйлөр эч качан менчиктелбейт?

Санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген, оңдоого жатпаган жана жабык аскер шаарчаларында турган үйлөрдү менчиктештирүү мүмкүн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0