17:08 18 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8406
  • EUR75.6129
  • RUB1.0952
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
261 0 0

Бул күндөрү жүк ташуучу жана оор жүктөрдү ташуучу унаалардын, автобустардын, кичи автобустардын, айыл чарба техникаларынын жана кооптуу жүк ташыган транспорттун катташы чектелет.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына карата 30-августтан тарта 9-сентябрга чейин "Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда транспорттун бир катар түрлөрүнө чектөө киргизилет. Бул туурасында Жол кыймылыкоопсуздугун камсыздоо боюнча башка башкармалыктан кабарлашты.

Карта объезда участков трассы Балыкчи — Ананьево — Каракол во время ВИК
© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КР
Карта объезда участков трассы Балыкчи — Ананьево — Каракол во время ВИК

11 күн бою аталган жолдон жүк ташуучу жана оор жүктөрдү ташуучу унаалардын, автобустардын, кичи автобустардын, айыл чарба техникаларынын жана кооптуу жүк ташыган транспорттун катташы чектелет.

Бул күндөрү альтернативалык мүмкүнчүлүк катары, айланма жол аркылуу каттоо сунушталууда. Алар Чолпон-Ата аркылуу өтөт. Анда каттаган жай жүргүнчүлөр 3,700 чакырымды Балыкчы — Каракол трассасы менен айланып өтөт.

Андан сырткары, Балкычы шаарынан тарта Семеновка (Ысык-Көл району) айылына чейинки жерлерде жол боюндагы автоунаа токтотуучу жайлар алынат.

Аталган башкармалык 1-9-сентябрь ичинде Семеновка айылынан тарта "Кырчын" этно шаарчасына карата бир багыттуу гана каттамдар боло тургандыгын эскертти. Ал эми Кырчындан чыккан автоунаалар Григорьев капчыгайы аркылуу айланып кетет.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айдоочуларды жол эрежелерин катуу сактоону жана автонууларды жолдун боюнча токтотуп, башкалардын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоону өтүндү.

"Эгерде жол боюнда таштап койсоңуз, автоунааңызды эвакуатор алып кетип, жолдун админстративдик башка жерине таштайт", — деп айтылган маалыматта.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 2-8-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өтөт.

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)

Тема боюнча

Адашып кетсең 1262 номерине чал! Көчмөндөр оюнунда атайын кызмат иштейт
Көчмөндөр оюндарына 15 өлкөдөн ыктыярчы тартылды
Белгилер:
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кырчын, Чолпон-Ата

ЭҢ МААНИЛҮҮ