11:16 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Диванда отурган аял. Архив

40тан ашып баратам, өзүм үчүн төрөп алсамбы… Аял кишинин толгонуусу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Психолог менен баарлашуу (81)
1415555

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жашы өтүп калган аялдын балалуу болуу кыялы баяндалат.

Убагында жумушка, окууга, карьерага тойбогон кыз элем. Анан укмуш тууганчылмын, жакындарым баласы чүчкүрсө да "Жылдызга чалалы" (аты өзгөртүлдү — ред.) дешет.

Артка кылчайсам убакыт өтүп кетиптир. Быйыл 42ге чыгам. Баягы бала ордуна бала болгон тууган-туушкандардын кыздары жок. Ар кимиси өз турмушу менен алек. Убагында аларга өтө эле чабылыптырмын. Үйүмдө канча жашашты, окутуп, шаар көрсөтүп, бир далайын турмушка узаттым. Ага-инимдин аялдарынын төрөтүнө чейин катышкам. Ата-энемди айтпай эле коеюн.

Өткөндө сасык тумоолоп бир жума жаттым, чиркин, бир чыны суу алып келип берген киши жок го! Бала-чакам болсо тегеректеп отурбайт беле…

Жогорку окуу жайлардын биринде мугалиммин. Илгери батир арзан кезде сатып алгам, жеңил унаам бар. Айлыгым Кудайга шүгүр, кошумча котормочулук менен алектенем. Билимди чет өлкөдөн тереңдетип келгем, кыскасы турмуштан кыйналбайм деле.

Тек гана аялдык бактымды ойлоп санаа тартчу болдум. Ушул жашка келип бир да жолу турмушка чыккан эмесмин. Убагында сүйлөшүп жүргөн мырзалар болгон, эми нике кайып экен. Буйрубаса жашоо өтө берет тура. Эми карып баратам, мени бул жашта ким алмак эле…

Бардыгы курбуларым менен жолугушуудан кийин башталды. Аларды деле түшүнөм, мен үчүн күйүшөт да. Бири "Жылдыз, күйөөгө чыкпасаң да өзүң үчүн төрөп ал, мунун уяты деле жок. Эл бир кеп кылып унутат" десе, дагы бири аны коштой "ооба, дене башың катып калат, ойлон" деп ого бетер шаштыны кетиришти. Ачууланганым менен бир чети туура көргөндөй болдум. Мага деле топурак салган киши керек да, туурабы?

Сүйлөшүп жүргөн же сыртынан жактырган адамым деле жок. Бирок бүгүн бар, эртең жок эркектер толтура да, намысты жыйыштырсамбы… Андай болсо айылдагы ата-энем, тууган-туушкандарымдын бетин кантип карайм. Жолдошу жок төрөдү деген сөзгө калам го. Бирок кыз жакшы дейт, кызартып бирди төрөп алсам… Эмне кыларымды билбей, башым маң.

Психолог Асель Сүйүнбаеванын жообу:

Жашоодо энелик сезимден өткөн бакыт жок. Сиздин абалыңызды түшүнүп турам, мага мындай суроо менен бир нече айым кайрылган. Азыр адамдардын көз карашы илгеркидей эмес, ар ким өз турмушу менен алек. Андыктан пикириңизди колдойм. Эгерде чындыгында ушундай чечим кабыл алган болсоңуз, сиз туура жолдосуз, эч нерседен коркпой, максатыңызга жетиңиз демекмин.

Эгерде сүйүктүүңүз жок болсо, көңүлүңүзгө жакпаган адамга тагдырыңызды байлабай эле коюңуз. Андан көрө убакытты өткөрбөй төрөп алыңыз. Жашыңыз да кырктан ашыптыр, дагы күтүп отура берсеңиз кийин өкүнүп каласыз. Балким, баланын атасы менен жакшы мамиледе болуп үй-бүлө куруп кетээрсиз же жөн гана достук ымаланы сактап калаарсыз.

Тема:
Психолог менен баарлашуу (81)

Тема боюнча

Үй-бүлөм, жакындарым менден баш тартып коюшту... Абактан чыккан кишинин күйүтү
Кызым мени жек көрөт, кол да көтөрчү болду. Айласы кеткен эненин тагдыры
Кемпиримдин ордун бала толуктай албайт экен. Жесил абышканын арманы
Белгилер:
аял, төрөт, бала, психолог

ЭҢ МААНИЛҮҮ