Разаков: элдин коопсуздугуна сак бололу

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВице-премьер-министр Кыргызской Республики Жениш Разаков
Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Жениш Разаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара өткөрүлүүчү негизги объектилерди бир сыйра текшерип чыгышкан.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюнуна жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинде коомдук тартипти сактоо, жарандардын, чет элдик меймандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын кабыл алуу зарыл. Бул тууралуу вице-премьер Жеңиш Разаков көчмө жыйын маалында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Бүгүн биз иш-чара өткөрүлүүчү негизги объектилерди көрүп чыктык, күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн аларга жүктөлгөн милдеттерин аткарууга карата даярдыгын талкууладык", — деген ал.

2018-жылдын 2-сентябрында Көчмөндөр оюндары башталып, 8-сентябрда аяктайт. Ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтүп, мелдеш улуттук спорттун 37 түрү боюнча өтөт. Ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0