Таласта 40 жаштагы аял дарыяга агып кетти

© Sputnik / Актан ТемиркановТоо аралап аккан дарыя. Архив
Тоо аралап аккан дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 21-августта болгон.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Таластын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы Талас дарыясына 40 жаштагы аял агып каза болгонун ӨКМ билдирди.

Кырсык тууралуу маалымат 22-август күнү түшкөн. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, саат 13.10до келиндин сөөгү табылган.

ӨКМ куткаруучулары аны ИИМ кызматкерлерине өткөрүп бергени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0