Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарына карата даяр болгон объектилер

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев проверил готовность ипподрома в селе Бактуу-Долоноту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев проверил готовность ипподрома в селе Бактуу-Долоноту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик иш-чаранын катышуучуларынын жана коноктордун ыңгайы үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында колдонулчу бардык объектилер дээрлик даяр болду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кеп Кырчын жайлоосундагы конструкциялар жана Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдан жөнүндө болуп жатат.

Бактуу-Долонотудагы ипподром - Sputnik Кыргызстан
Бактуу-Долонотудагы ипподром жаңыланууда
Ипподромго кошумча жарыктар орнотулуп, спортчулар жана делегация өтчү жол кеңейтилди. Трибунадагы отургучтар оңдолуп, 10 009 орундукка номер коюлду.

Кырчын жайлоосунда "Хан-Ордо" сахнасынын курулушу 95 пайызга аяктап, кадырлуу коноктор үчүн атайын орундар жасалууда.

Мындан тышкары, долбоордо энто стилдеги жыгач дарбаза куруп, шаарчага суу жеткирүү каралган.

Электр жарыгы үчүн орнотулчу 100 түркүктүн 80ни коюлуп бүттү. Жакында трансформаторлор орнотулуп, зымдар тартыла баштайт.

Көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0