Жээнбеков: Апрель окуялары тарых боюнча окуу китептерине кириши керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков принял членов Государственной комиссии
Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков принял членов Государственной комиссии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлөсүн социалдык колдоо маселеси бир кылка чечилиши керектигин айтты.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдын Апрель окуяларында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчы 2010-жылдагы окуяларда жабыркагандар жана курман болгондордун үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан дайыма көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

"Чыныгы баатырлар мамлекеттин тарыхында калышы керек. Бул окуялар өлкөнүн билим берүү системасынын тарых боюнча окуу китептеринде чагылдырылып, илимий баа берилиши керек", — деди мамлекет башчы.

Жолугушуунун катышуучулары Жээнбековго колдоосу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, 2010-жылдагы окуялардын катышуучулары саясий оюндардан тышкары болушу керектигин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0