Муфтий: Курман айт боорукердиктин жана кайрымдуулуктун майрамы

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничный намаз в честь Курман айта.
Праздничный намаз в честь Курман айта. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтий кыргызстандыктарга чың ден соолук, ийгилик жана аманчылык каалады.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мекендештерин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Токтомушев Курман айт эзелтеден тынчтыкты, ынтымакты, боорукердикти жана кайрымдуулукту чагылдырган майрам болуп эсептелерин белгиледи.

"Курман айт майрамы Алла Таала тарабынан берилген жана ал ички тазалыктын, жакшылыктын, кайрымдуулуктун жана камкордуктун салтанатын чагылдырат. Бул күндөрү жетим-жесирлерге, кары-картаңдарга, майыптарга жана жалпы эле муктаждарга көрсөтүлгөн жардамдар жүрөктөрдү жакшылык жана ыраазылыкка толтуруу менен бийик сезимдерди ойготот", — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле ал кыргызстандыктарга чың ден соолук, ийгилик жана аманчылык каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0