Түрк компаниясынын Кыргызстан тууралуу видеосу хитке айланды

© Sputnik / Михаил ДудинФлаг Кыргызстана на горе Боз-Болток
Флаг Кыргызстана на горе Боз-Болток - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роликте Кыргызстанга кантип келсе болору жана анын кооз жерлери жөнүндө айтылат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Түркиянын Turkish Airlines компаниясы өзүнүн социалдык тармактардын бириндеги баракчасына Кыргызстан тууралуу видео-презентация жарыялады.

Роликте Кыргызстанга кантип келсе болору жана анын кооз жерлери жөнүндө айтылат. Бул видеону эки күндүн ичинде 57 миң адам көрүп, кыргыз жеринин сулуулугуна суктанган комментарийлерди жазышкан.

Аталган роликти компания Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алдында жарыялап, бул иш-чара өтө турган даталарга Түркиянын ар кайсы шаарларынан Бишкекке болгон каттамдарга дагы деле билеттер бар экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0