Колду чөнтөккө салып, момоюп турбагылачы. Достор кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЖаш балдар. Архив
Жаш балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дос жакшысы — кеселиңди дарылайт, дос жаманы — душман болуп табалайт" деген макал бар. Жаныңда жүргөн өзүң курактуу адамдардын баарын эле дос айта бересиң, бирок чыныгы досторуң анча көп болбойт. Сырыңы каткан, башыңа оор иш түшкөндө жүзүн буруп кетпеген ишенимдүү досуң болсо жоого да коркпой баруудан тайманбайсың.

Кээде жаныңда жүргөн досуң чоң душманың экенин байкабай калган учурлар болот. Айрымдары көз көрүнө кыжырыңды кайнатып жиберет. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет достордун жанды кашайткан учурларын тизмектейт.

Эч кимге айтпа дегем… Көңүлүң жакын досуна ичимде катып жата бербей жеңилдеп алайын деп сары майдай каткан сырыңды айтып бересиң. Бирок эртеси эле ал сырыңды башкалар келип сага айтып берет. Болбосо ага "эч кимге айтпа" де какшагансың. Жаның кашайганда аягында "эч кимге айтпа" дебей эле оозун тигип салсам болмок деген ой кетет.

Боз үй тигип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хан болуп кетсең да!.. Достор ортосундагы 7 "болбойт"
Сыртынан дос, ичинен сынчы. Канча качсак деле баары бир көрө албас досторго кезигип калабыз. Алар сыртынан башка адам, ичинен такыр эле башка. Дайым сени сынап, эч өзүнөн өйдө койгусу келбейт. Кийим сатып алсаң "ии, бул эки жыл мурда мода болуп атканда кийдим эле" деп чыгат. Унаа алсаң "кут болсун! Бирок азыр мындай машиналарга анча кызыкпай калышты, кайра сата албай убара болосуң го. Бензинди да көп ичсе керек. Мобу капталы урулгангандай го…" деп өзүнчө түш жоруп атканда "чокуң, өзүңдүн мээң урулуп калган" деп башка чапсаң… Анан да мындай досуңдун пайдасы тийип, бир ишиңди бүтүртүп алсаң аны өмүр бою милдет кылып өтөт. Ач калсаң да ага барбай эле сыйың менен болгонуң жакшы.

Карыз берип балээге каласың. Бир күнү зарыгып акча сурап келсе бооруң ачып берип коёсуң. Бирок кайра аны алганы келгенде сага боор ачыган адам жок болуп калат. Убадасы боюнча бир жумадан кийин бермек. Убагы келип сурасаң эртең дейт, ошентип "эртеңди" 15 жолу айтат. Ашыкча акчам болсо мейли эле, мен ачка калып жатам да. Айла жок кайра-кайра сураганга туура келет. Аягында кайра өзүңдү уялтып, экөөбүздүн достугубуздан да ушул акча артык экен да, ээ?! Ме ал, акча баарын чечип калган да азыр" деп кабагын тырыштырып, жол инспекторуна айып пул төлөп жаткансып берет. Анысы аз келгенсип, таарынып алат. Ошентип өзүмдүн акчамды өзүм ала албай жаным кашаят. Дос болбосоң, коё кал.

Тоюма келип момоюп отурбагылачы. Достун кандай экени жакшылык-жамандыкта билинет. Эгер досуң той өткөрүп жатса момоюп отуруп же той күнү коноктой болуп барбай эле койгонуң оң. Достору тойдон бир жума мурун барып кем-карчын сурап, отун жарып башка майда-чүйдөлөрүнө каралашыш керек. Ал эми тойдо тикесинен тик туруп, кызмат кылат. Эки колун чөнтөгүнө салып, керсейип турган достордун барынан жогу.

Вид на улицу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тойдум ошол электрондук гүлүңөргө! Эркектер кыжырды кайнатканда
Таарынчаактар. Айрым достордун өзүнөн кессе кан чыкпайт да таарынганды кыйын билишет. Мурда-кийин сага каралашкан эмес, өзүнө жараша мамиле кылып койсоң кабагы карыша түшөт. Болбосо, сураганын берип, айтканын айткандай жасап жүрө бересиң, аны байкабайт, кокус бир ишинен баш тарткан болсоң эч унутпайт. "Сен ошондо мени минткенсиң, тигинткенсиң" дей берип мээңди жейт. Кокуй, андан мурункуларды да эстечи деп араң жайгарасың. Бетти былтыйтып эле таарына бересиңерби?

Качан караба аксак. Достор чогулуп тоого же эс алуучу жайларга барууну пландайсың. Арасынан эки-үчөө бар, дайым артка тартып турат. Мына эртең барабыз деп жатканда жанагы үчөөнүн үч шылтоосу табылат. Бирөөнүн маанилүү иши чыгат, экинчисин жумуштан коё бербейт, үчүнчүсү бети чымырабай эле телефонун өчүрүп коёт. Кийинкиге жыдыралы деп жатып кыш келип келет. Ошентип же тоодон жок же көлдөн жок отуруп каласың.

Жаңылыктар түрмөгү
0