Таксисттин ою бузулуп колумду кармады... Майып кыз Айпери Аралбаеванын маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековТубаса шал оорусуна кабылган 25 жаштагы Айпери Аралбаева маек учурунда
Тубаса шал оорусуна кабылган  25 жаштагы Айпери Аралбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айпери Аралбаева өткөөл куракта өмүрүнө кол салып ооруканага түшөт. Себеби майып кыз жакындарына жүк болгусу келген эмес, анүстүнө ата-энеси бирдеме болсо "мени ким карайт" деген бушайман ой каптап алган. Бирок Айперинин келечегине шам берген бир адам пайда болот...

Айпери Аралбаева 25 жашта, тубаса шал оорусуна кабылган. Мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндердин укугун коргогон "Назик кыз" борборунда эмгектенип, далай адамга керегин тийгизип келет. Келечекте психолог кесибин аркалап, мыкты жар жана эне болууну самайт.

Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду.

— Өзүңүз жана үй-бүлөңүз тууралуу кеп салсаңыз.

— 1993-жылы Жалал-Абадда төрөлүп, Бишкекте чоңойдум. Эки эжем жана байкем бар. Ата-энем пенсияда. Алар мен тогуз жашка чейин бутумдун басып кетүү айласын көп издеди. Ошол себептен билимиме көп көңүл бурулган эмес. Кийин акыл-эсимдин жайымда экендигин байкаштырып мектепке киргизүүнү эп көрүшөт. Үч ай жакшы окудум, билимге кызыгуум күч эле. Бирок бир нерсе көңүлүмдү суутуп койду. Анда коляскада отурчумун, сабакка кечигип кирсем, класс жетекчи "бутуң баспагандан кийин үйдө эле отурбайсыңбы" деп зекиген. Мугалимдер менен классташтар бутума басым жасап туруп алышты. Ошондон кийин окууга каалоом өчтү, ойлогон ой-максат, тилектерим алмашып кетти. Юрист болууну самачу элем.

14 жашымда баса баштадым. 20 жашымда кайрадан билим алгым келди. Азыркы күнгө чейин үйдөн өз алдымча жана мугалимдердин кеңеши менен окуп келем. Кийинки жылдары университетке тапшырсамбы деген тилек бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйпери Аралбаева 25 жашта, тубаса шал оорусу менен жабыркайт. Мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндердин укугун коргогон "Назик кыз" борборунда эмгектенет
25-летняя Айпери Аралбаева, страдающая ДЦП  - Sputnik Кыргызстан
Айпери Аралбаева 25 жашта, тубаса шал оорусу менен жабыркайт. Мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндердин укугун коргогон "Назик кыз" борборунда эмгектенет

— Кайсыл кесиптин ээси болууну кыялданасыз?

— Психолог. Бул кесипдин ээлери бизде жетишсиз. Психолог майыптарга гана эмес, ден соолугу соо адамга да керек. Өзгөчө кыздар көбүрөөк муктаж болсо керек.

— Бала бир нерсе болсо биринчи кезекте эне өзүн күнөөлөйт эмеспи. Майып болуш калышыңыздын себебин батынып сураган учур эсиңиздеби?

— Кичинекей кезимде апамдын көз жашын көп көрчүмүн. Мага билдирбегенге аракет кылчу. Кийин "тагдыр ушундай экен" деп айткан. Апам мени кыйналып төрөптүр, беш күн толгоо тарткан экен. Кыязы төрөттөн го… Жүрөгүн оорутпайын деп көп кеп кылбайм. Майыптыгым тууралуу сураганда 21 жашта болчумун.

— Бир туугандарыңыз сизди кандай кабыл алды?

Улан мага дем берет! Төрага Жумабеков майып жардамчысы тууралуу. Видео - Sputnik Кыргызстан
Улан мага дем берет! Төрага Жумабеков майып жардамчысы тууралуу. Видео
— Ошол эле 21 жашымда эжеме ачык суроо бергем. "Мен үчүн капаланасызбы?" дегенимде "Кудайдан сурап алган жоксуң, кандай болсоң ошондой кабыл алабыз" дешкен. Ушул эле жоопту ата-энем, бир тууган, жакындарымдан уктум. Биздей майып адамдар ар дайым бушайман ойдо жүрөт, бөтөнчө жакындарыма оорчулук келтирип, жүк болуп жатамбы деп ойлойсуң.

Бир туугандарым бала кезде жумуш кылсам аячу. Тамак жасасам колумдан идиш-аякты ала калып жардам беришчү. Азыр ата-энем карайт.

— "Назик кыз" коомдук бирикмесине кандайча келип калгансыз?

— 18 жашымда ооруканага түшүп калдым. Өткөөл курак дейбизби же жан дүйнөң аңтар-теңтер болгон учурбу билбейм, өз жаныма кол салгам. Агезде "ушунча жашка келип колуман эмне келет, бутум минтип майып, ата-энем бир нерсе болсо мени ким карайт" деген ойлор болгон. Кыскасы жакындарыма көйгөй болгум келген эмес.

Ошондо мени карап жаткан дарыгер китепче берди. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндердин коомдук бирикмесинин, уюмдарынынын байланыш номери, дайын-даректери бар экен. Ал жактан "Назик кыз" коомдук бирикмесин тандап, жетекчиси Үкөй Мураталиева менен тааныштым.

© Фото / Укой МураталиеваАралбаева: жашоого болгон оюмду өзгөртүп, ар убак стимул, мотивация берген адам Үкөй Мураталиева болду
25-летняя Айпери Аралбаева, страдающая ДЦП (слева) - Sputnik Кыргызстан
Аралбаева: жашоого болгон оюмду өзгөртүп, ар убак стимул, мотивация берген адам Үкөй Мураталиева болду

Жаңы келгенде баарыбызга сүрөт тартканга тапшырма беришти. Мен орто жолго жеткенде карандашты таштап койдум. Үкөй эже келип "кандай гана иш баштаба аягына чыгар, чыдамкай бол" деп дем-күч берген сөздөрүн айткан. "Сенин колуңан келет" деп жетелеген жалгыз ошол эже болду. Жашоого болгон оюмду өзгөртүп, ар убак стимул, мотивация берип келет.

"Назик кызда" жүрүп тренинг, мастер-класстарга катышып, долбоорлор менен иштегенди үйрөндүк. Биздин уюмдун кыздары ар кайсы тармакта иш кылышат. Буйрутма менен эко сумка, кийимдерди тигишет. Жеке мен тикмечиликти жөндөй албайм. Долбоордун уюштуруу, түзүү иштерине жардам берем.

Кыргызстанда алгачкы жолу "Шелтер" ачтык. Бул майып кыздарга ар түрдүү зордук-зомбулук менен күрөшүүгө жардам бере турган долбоор. Көбү "майыптарды мамлекет карап жатат, үйдө эле отура бербейби" деген ойдо. Кыздарга бир туугандары тарабынан эле кодулоо болот. Кыскача айтканда, майыптар психологиялык, материалдык, моралдык жана денеге күч келтирген түрдө басмырлоого тушугат.

Мындан сырткары "Равенство" бирикмеси менен да иштешебиз. Ал жакта кыздар сулуулуук кызматтарын үйрөнүшөт.

— Каражатты долбоорлордон табасызбы?

— Айлык албайбыз. Айрым долбоорго ыктыярчы болсоң, кээсине төлөп беришет. Акчам бут кийим алганга жетет деп койбоймунбу. Мамлекет берген үч миң сом эмнеге жетсин. Тырмак, кирпик чаптап, айымдарды сулууланткан кызматтарды үйрөнүп алсамбы деп ойлоп жүрөм.

— Сиз өйдөдө майып кыз-келиндер кабылган басмырлоонун түрлөрүн санап өттүңүз. Сиздин баштан да ушундай окуя өттү беле?

Дизайнер и активист Укей Мураталиева - Sputnik Кыргызстан
Үкөй Мураталиева менен маек. Ата-эне, майыптык, зордуктоого кабылган кыздар
— Бизде майыптарды эне боло албайт деп ойлошот. Мени көчөдөн токтотуп алып "силер күйөөгө тийип, бала төрөй аласыңарбы" деп сурагандар болгон. Мурда кыжалат болчумун, азыр күлкүгө салып "а сизчи" деп тамашалап коем. Наристелүү болуу ар бир кыздын тилеги болсо керек, ээ? Мындан сырткары, өз алдыңча жууна аласыңбы, кийине аласыңбы, тамак жасай аласыңбы деген тажатма суроолор көп. Кээси учурашып, анан жымсалдап барып сураса, кээси шак эле каратып туруп айтат.

Жакында Ошко тренинг өткөнү барып келдик. Ата-энелер кыздарынан тартынып, көп жерден тыйып, көчөгө уруксатсыз чыгарбайт экен. Алар менен эч ким деле сүйлөшүп, сырдашып, ички дүйнөсүн билбейт экен. Тренингден ыйлап чыктым…

Маселен менин апам мурда буттарыма карап көйнөк кийбешимди суранчу. Мен "э, апа мен ушинтип төрөлүпмүн, эми башкача боло албайм да" деп тамашалап түшүндүргөм.

Тренинг аркылуу кыздарга аз да болсо өзүн сүйүп баалоого, укугун болсо коргогонго жардам бере алдык деп ойлом.

Таксилер мен үчүн кооптуу. Бир жолу адаттагыдай эле унаага түшүп, акысын берейин деп жатсам, таксист "отуруп тур, мен азыр тамеки чегип алайын" деп эшигин ачып кирди. Адамдын көзү бузулганы билинет экен. Мен "кандайча чегесиз, мен сыртка чыгам, азыр кыйкырам" десем, күлөт. Колумду чала-бучук кармагандай болду эле айнекти ачып кыйкырып ийдим да, бошонуп кеттим. Коргонбосом башкача иш болмок.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйпери Аралбаева: келечекте психолог кесибин аркалагым келет
25-летняя Айпери Аралбаева, страдающая ДЦП  - Sputnik Кыргызстан
Айпери Аралбаева: келечекте психолог кесибин аркалагым келет

— Милицияга кайрылдыңызбы?

Кайрымдуу бол! коомдук фондусунун түзүүчүсү, ишкер Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Азамат Байматов: эки буту жоон санынан жок энени көргөндө денем муздай түштү
— Мендей майып эмес, соо кыздар "зордукталдым" десе эл менен милиция ишенеби, айтсаңыз? Бизде баягы эл эмне дейт деген түшүнүктөр кармап койгондой сезилет.

Көз көрүнөө басмырлоого тушугабыз. Маршруткалар бизге оңой менен токтобойт, токтосо да "түшпөйсүңбү, болбойсуңбу" деп кагып силкишет. Ал гана эмес маршруткага түшкөндө айрым эркектер жардамдашам деп колун туура эмес жакка кыймылдатып ийишет. Бирдеме десең жардамдашып жатпаймынбы деп ороңдошот.

— Эне болуу кыялыңыз тууралуу айтып калдыңыз, жакын адамыңыз барбы?

— Жок, азыр убактым менен каалоом жумушка байланган. Көбү майып кыздар майып балдар мене турмуш курушу керек деген ойдо. Баарыбыз бирдейбиз, мындай түшүнүктөр болбошу керек.

— Кандай мырзалар көңүлүңүзгө жакын?

— Сүйлөгөн сөзү менен аткарган иши дал келген мырзалар аз. Бардыгы сүйлөгөндө баатыр. Иш жүзүнө келгенде кубулуп кетишет. Мындай адамдарды көп көрдүм. Ички дүйнөнү, аруулукту, чынчылдыкты, жигитчиликти баалайм.

— Беш жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Агезде психолог кесибин аркалап, көп кызга жардамым тийип калса керек. Эне болуу кыялымды аткарып, үй-бүлө кургум келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0