Балыкчы — Корумду жолу. Премьер каржылоо маселелерин тез чечүүнү тапшырды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевРеконструкция автодороги Балыкчы-Корумду
Реконструкция автодороги Балыкчы-Корумду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы жолчулар курулуш иштеринин сапатын камсыздоого, бардык заманбап коопсуздук талаптарына жооп берген унаа жолун өз убагында аяктоого тийиш экенин айтты.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы — Корумду жолун оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы — Корумду жолун оңдоо иштерин көрдү
Рабочая поездка премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Иссык-Кульскую область - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы — Корумду жолун оңдоо иштерин көрдү

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев премьерге жүргүзүлүп жаткан жол иштери жана унаа жолунун негизги тилкелериндеги көпүрөнүн курулушу тууралуу айтып берген.

"Жолчулар курулуш иштеринин сапатын камсыздоого, бардык заманбап коопсуздук талаптарына жооп берген унаа жолун өз убагында аяктоого тийиш", — деди Абылгазиев.

Премьер-министр Балыкчы — Корумду унаа жолунун кыймыл кыйла көп тилкелеринде, ошондой эле белгиленген мөөнөттө ири пансионаттарга баруу жолдорунда курулушту аяктоо үчүн каржылоо маселелерин ыкчам түрдө чечүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0