Корея элчиси Көк-Жайыкта туристтин сөөгүн таап берген милицияга ыраазылык айтты

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиВстреча посла Кореи Ха Тэёк с начальником УВД Иссык-Кульской области Октябрем Урмамбетовым
Встреча посла Кореи Ха Тэёк с начальником УВД Иссык-Кульской области Октябрем Урмамбетовым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети-Өгүздө жардап кулап кетип, 68 жаштагы турист Ким Чуль Со каза тапкан.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэёк Ысык-Көл облустук милициясынын жетекчиси Октябрь Урмамбетовго тоодон кулап каза болгон кореялык жарандын сөөгүн таап бергени үчүн ыраазылык билдирди. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Окуя 2018-жылдын 19-июлунда болгон. Жети-Өгүздүн Көк-Жайык жайлоосунда жардан кулап кетип, 68 жаштагы турист Ким Чуль Со каза тапкан.

Элчи маркумдун туугандары Ким Чуль Сонун сөөгүн 25 метрлик жараңкадан таап алып чыкканга көмөктөшкөн милиционерлерге ыраазылык кат жолдогон.

"Элчиликке мекендештерибизден ыраазылык кат келген. Ал аманатты сиздерге жеткирүү зарыл деп билдим. Ысык-Көлгө жасаган сапарымдан пайдаланып, кыйын кырдаалдарга биздин улгайган адамдарга жардам көрсөткөн милиция кызматкерлерге рахмат айтам", — деген элчи.

Андан соң тараптар чет элдик туристтердин коопсуздугун коргоо боюнча пикир алмашкан. Жолугуу учурунда мурда Кореядан жаш туристтер гана келсе, эми улгайгандар кызыга баштагандыгы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0